⚜Мен эки нерседен коркомун, эки нерсеге суктанамын, эки нерсенин ортосунда жашаганды жакшы көрөмүн.
Коркконум:
'Биринчиси'–кедейликтен корком;адам пенде жокчулукта, кедейликке чыдабай кээде ыйман дан чыгып кетет.
'Экинчиси'–байлыктан корком;адам пенде байлыкты туура пайдаланбаса, ага өтө берилип кетсе жүрөгүнө байлыктан башка эч нерсе батпай калат.
Суктанганым:
'Биринчиси'–такыба аалымдар ага суктанам;туура илим алып, аны башкаларга үйрөткөн аалымдар бар.
Алар өзү өтсө да , сөзү өлбөй, илими улана берет.
'Экинчиси'– берешен байларга суктанам;алар канча зекет -садака берсе да байлыгы азайбайт, ошол эле учурда акыретке соо-сыйы да жыйнала берет.
'Эки нерсенин ортосунда жашоону жакшы көрөмүн дегеним мындай':
Баардык жаатта өтө алдыга озуп кетпей, өтө артта да калбай жашоо жакшы. Пайгамбарыбыз (с.а.в)"Амалдардын жакшысы орточосу", –деген.Дагы бир хадисинде:"Иш -амалдардын жакшысы аз болсо да акырындык менен токтобой уланып турганы",– деген. Элибизде жакшы сөз бар:"ЭЛДИН АЛДЫ БОЛСОҢ КӨЗ ТИЕТ, АРТЫ БОЛСОҢ СӨЗ ТИЕТ, ОРТОСУ БОЛ!"– дейт.
©Эртең дебе китебинен