Кыргыздын ар бир нерсеси жашоодон алынган. Цивилизациясы табигаттын закон ченемдүүлүктөрүнө баш ийип, эриш-аркак гармонияда өнүккөн. Жашоодогу ар кандай кырдаалдарга маани берип, ой жүгүрткөн. Ошондой чоң философиялык, өзүнүн маданиятына ыңгайлашкан дагы бир нерсеси бул - боз үй. Бул жазмамда ошол боз үйдүн дагы бир сырын айтып бергим келип турат. Түндүктүн үстүнөн, боз үйдүн сыртынан канчалык салмак болсо да, оор кар жааса да, киши чыгып алса да көтөрөт. Ал эми ичинен кичинекей күч менен эле түндүктү түртүп койсоң боз үйдүн турушу бузулуп калат. Бул деген сөз : " Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман", сырттан душман келсе коргонобуз, түндүккө тегерете сайылган ууктар сыяктуу бир муштумга түйүлүп, душманга каршы найза көсөп, туруштук берген биримдиктүү элбиз деген түшүнүк. Ал эми ичтен чыккан душман болсо айла жок, алсыратып кетет, кансыратып кетет. Ар мезгилде, ичтен чыккан душмандар кыргызды аксатып келген. Ошондой көөдөнүн көө баскан, көкүрөгүндө мекен деген сезими азыраак адамдар күнүбүздө көп кездешкени өкүндүрөт. Ар бир кыргыз, мамлекетти боз үйдүн уугундай төмөндөн жогору тиреп турса, кош колдоп колдоп турса, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого умтулса, курт жеген, ит жегендерге карыздатып, белчеден батырбаса, өз жеринде тамакты туруп жейби отуруп жейби - өзү билип, өзгөлөргө бийлетпесе, чырылдаган "чындыктарды" чыбыктай сындырбаса, жаштарыбыз, деги эле ар бир кыргызмын деген адам келечекке кайдыгер карабаса, тилин сыйласа, элин сыйласа, ошондо гана, ата-бабаларыбыз бизге, кырылып жүрүп, жанын берип, канын төгүп, көздүн карегиндей сактап келип, мурас кылып өткөрүп берген мекенибизди биз дагы, тоолору бүтүн бойдон, суулары аккан бойдон, гүлдөгөн, эркин мамлекет бойдон келечек муунга өткөрүп беребиз. "Биздин ушундай жашоого туш болгонубузга өтүп кеткен ата-бабаларыбыз күнөөлүү. Алар өзүлөрүн ойлобой бизди да ойлогондо, мындай күндү көрбөйт элек. Өз жерибизде туруп өз тилибизде сүйлөй албай, өтүгүбүздү төрүбүзгө иле албай, коңшунун көзүн карап, каапырлардын жемесин жеп турмак эмеспиз. " - деген сөзгө калбагай элек. Манжа бөлөк билек бир, ойлор бөлөк тилек бир.