Камчыбек Ташиев өзүн жана үй-бүлөсүн "коркуткан" кат алганын билдирдиУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 20-ноябрда чукул маалымат жыйынын уюштуруп, өзүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна "коркунуч келтирерин билдирген" кат алганын маалымдады.
Ал журналисттерди кагаз конвертти көрсөтүп, анын ичинде кат жазылган флешка болгонун айтты. Катта белгисиз бирөө анын өзүн жана үй-бүлөсүн өлтүрүү үчүн атайын жалданган баш кесер экенин, ал олигархтардан жана кримтөбөлдөрдөн бул тапшырманы аткаруу үчүн өтө көп каражат алганын, демек, сөзсүз түрдө аягына чыгарарын айтканын билдирди.
"Эгер эртеңки күнү мага же үй-бүлөмө бир нерсе болсо, коомчулук бул алдын ала эскертилгенин билиши керек. Мен өзүмдүн коопсуздук кызматы аркылуу иликтөө жүргүздүм. Президент да бул иликтениши керектигин айтты. Каттын ээси мага шарттарды коюп, аны аткарсам, үй-бүлөм аман каларын жазыптыр. Булардын шартынын бир тарабына менин үй-бүлөм, бир тарабына коопсуздук коюлуптур", -
Ташиев.
Атайын кызматтын төрагасы кат ээлерине кайрылып, алардан коркпой турганын, өлкө үчүн иштерин, Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук, олигархтар болбосун эскертти.
УКМК төрагасынын маалыматына караганда, президентке да эки ирет кол салуу даярдалып, коопсуздук кызматы ага жол берген эмес. Толук окуңуз 👉🏻
https://smarturl.click/0eRdm