🔴 СУЛУУЛУК ДА СЫНОО
Абу Фараж ибну аль-Жаузи, рахимахуллах, бир окуяны мындайча баяндайт:
«Меккеде бир сулуу аял бар болчу, анын күйөөсү бар эле. Күндөрдүн биринде күзгүгө каранып жатып сулуулугуна суктана:
– Ушундай сулуулукту көрүп, азгырылбаган эркек бар болду бекен? – деп жанында турган күйөөсүнө айтса, ал:
– Ооба, андай адам бар,– дейт.
– Ал ким болду экен, ыя?– деп таң кала күйөөсүнөн сурайт.
– Ал Убайд ибну Умайр,– дейт. Ошондо аялы:
– Мага уруксат берсең, мен аны бир азгырып көрөйүн,– дегенде ал:
– Макул, аракет кылып көрчү, азгыра алар бекенсиң,– деп уруксатын берет.
Ошондо ал аял шарият боюнча суроолорду сурамыш болуп Убайд ибну Умайрга келет. Качан ал экөөсү Кааба жайгашкан аль-Харам мечитинин бир тарабында жалгыз туруп калган кезде ал аял айдай чырайлуу жүзүн дароо ача салат. Ошондо Умайр ага:
– Эй, Кудайдын пендеси! Жап жүзүңдү! – десе, жанагы сулуу аял:
– Мен сизди каалап турам, кааласаңыз өзүмдү сизге арнайм, сунушумду четке кага көрбөңүз,– дейт. Ошондо Умайр ага:
– Мен сага бир нече суроо берем, эгерде сен чындык менен жооп берсең, анда сенин сунушуңду ойлонуп көрөйүн,– дейт.
– Кандай суроо сурабаңыз, чындыкты гана айтамын,– деп аял сөз берет.
– Айтчы, сен экөөбүз ушул ишти кылып жаткан кезде өлүм периштеси жаныңды алганы келсе, сен ушул ишти кылып жатканыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Бул айтканың чындык,– деди Убайд.
– Кабырга кирдиң дейли, периштелер сенден сурак алуу үчүн сени отургузду, мына ошол кезде ушул ишти кылганыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Бул айтканың да чындык,– деди Убайд.
– Кыяматта адамдарга амал китептери берилип жатса, бирок сага амал китебиң оң тараптан берилеби же сол тараптан берилеби али билбейсиң, мына ошол кезде ушул ишти кылганыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Бул ирет да чындыкты сүйлөдүң,– деди Убайд.
– Сырат көпүрөсүнөн өтөйүн деп жатасың, бирок өтөсүңбү же өтпөйсүңбү али билбейсиң, мына ошол кезде ушул ишти кылганыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Бул айтканың чындык сөз,– деди Убайд.
– Адамдардын кылган иш-аракеттерин эсептөөчү таразага сенин иш-аракеттериңди коё турган болду дейли, бирок кайсы тарабы оор боло турганын сен али билбейсиң, мына ошол кезде ушул ишти кылганыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Сен чындыкты айттың! Аллах сага ушундай сулуулукту берип жакшылык кылган экен, эми Аллахтан корксоң боло,– деп насаатың айтат.
Ошондо ал аял үйүнө кайтып кетет. Үйүнө келгенде күйөөсү аялынан:
– Аны азгыра алдыңбы? – деп кызыга сурайт. Аялы:
– Куругур, сен жалганга батыптырсың, сен экөөбүз жалганга баткан экенбиз,– деди да, намаз окууга киришти, орозо тута баштады, ибадатка баш оту менен берилип кетти. Кийин күйөөсү ар кимге арман кылып мындай деп айтып жүрдү:
– Мени карачы, эми Убайдды кара, ал аялым экөөбүздүн ортобуздагы мамилени бузуп тынды. Мурда аялым ар бир түнү мен үчүн биринчи түндөгүдөй болсо, эми такыр эле ибадатка берилип кетти». 📕 “Раудатуль мухиббин”, 340