Musabekov


Kanal geosi va tili: ko‘rsatilmagan, ko‘rsatilmagan
Toifa: ko‘rsatilmagan


Ар кандай
@azamatmv

Связанные каналы

Kanal geosi va tili
ko‘rsatilmagan, ko‘rsatilmagan
Toifa
ko‘rsatilmagan
Statistika
Postlar filtri


‌Кыргыздын ар бир нерсеси жашоодон алынган. Цивилизациясы табигаттын закон ченемдүүлүктөрүнө баш ийип, эриш-аркак гармонияда өнүккөн. Жашоодогу ар кандай кырдаалдарга маани берип, ой жүгүрткөн. Ошондой чоң философиялык, өзүнүн маданиятына ыңгайлашкан дагы бир нерсеси бул - боз үй. Бул жазмамда ошол боз үйдүн дагы бир сырын айтып бергим келип турат. Түндүктүн үстүнөн, боз үйдүн сыртынан канчалык салмак болсо да, оор кар жааса да, киши чыгып алса да көтөрөт. Ал эми ичинен кичинекей күч менен эле түндүктү түртүп койсоң боз үйдүн турушу бузулуп калат. Бул деген сөз : " Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман", сырттан душман келсе коргонобуз, түндүккө тегерете сайылган ууктар сыяктуу бир муштумга түйүлүп, душманга каршы найза көсөп, туруштук берген биримдиктүү элбиз деген түшүнүк. Ал эми ичтен чыккан душман болсо айла жок, алсыратып кетет, кансыратып кетет. Ар мезгилде, ичтен чыккан душмандар кыргызды аксатып келген. Ошондой көөдөнүн көө баскан, көкүрөгүндө мекен деген сезими азыраак адамдар күнүбүздө көп кездешкени өкүндүрөт. Ар бир кыргыз, мамлекетти боз үйдүн уугундай төмөндөн жогору тиреп турса, кош колдоп колдоп турса, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого умтулса, курт жеген, ит жегендерге карыздатып, белчеден батырбаса, өз жеринде тамакты туруп жейби отуруп жейби - өзү билип, өзгөлөргө бийлетпесе, чырылдаган "чындыктарды" чыбыктай сындырбаса, жаштарыбыз, деги эле ар бир кыргызмын деген адам келечекке кайдыгер карабаса, тилин сыйласа, элин сыйласа, ошондо гана, ата-бабаларыбыз бизге, кырылып жүрүп, жанын берип, канын төгүп, көздүн карегиндей сактап келип, мурас кылып өткөрүп берген мекенибизди биз дагы, тоолору бүтүн бойдон, суулары аккан бойдон, гүлдөгөн, эркин мамлекет бойдон келечек муунга өткөрүп беребиз. "Биздин ушундай жашоого туш болгонубузга өтүп кеткен ата-бабаларыбыз күнөөлүү. Алар өзүлөрүн ойлобой бизди да ойлогондо, мындай күндү көрбөйт элек. Өз жерибизде туруп өз тилибизде сүйлөй албай, өтүгүбүздү төрүбүзгө иле албай, коңшунун көзүн карап, каапырлардын жемесин жеп турмак эмеспиз. " - деген сөзгө калбагай элек. Манжа бөлөк билек бир, ойлор бөлөк тилек бир.




Абайлагылачы😞


Эски сүт - жаңы айран,
эски айран - жаңы сүзмө,
эски сүзмө - жаңы курут,
эски курут - жаңы чалап.
Ушундай.


Мен аниме көрбөйм негизи, бирок, бул анимени көп киши сунуштаган эле, көрүп чыктым.Чыны менен катуу экен, башка нерсе теппей калды.
https://youtu.be/xryjEatoWZA
Тетрадь смерти | Death Note 1 сезон 1 серия на русском (дубляж)
Вещи из аниме Тетрадь смерти - http://darnado.com/?product_cat=veshhi-iz-tetradi-smerti&utm_source=youtube&utm_medium=banner&utm_campaign=V+konce+video Вопро...


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Нарындагы мекемелердеги кызматкерлер.


Нарынга түшүп эле бир кыйынчылыкка кабылдым. Банктан акча алат элем. DemirBank дээрлик 20 жылдык банк чөйрөсүндөгү ийгиликтүү ишмердүүлүгү үчүн ар кандай ардактуу сыйлыктарды алуусун улантып, Euromoney, Global Finance, Trade Facilitation Program , Asian Development Bank, The Banker, The Asian Banker, CITI каржы уюмдарынын версиясы боюнча Кыргызстандагы эң мыкты банк болуп таанылып келет. Ошондуктан операцияларды тез жүргүзөт деген ой менен биринчи акылыма Демирбанк келди. Филиалын таап кирип бардым. Милиция кызматкери тосуп алды да, терминалдан кезек номеринизди чыгарып алыныз деди.Чыгарып алдым дагы, менин номерим күйгөнчө күтүп отурдум. Отурам, отурам, түшкү тамактануу тыныгуусуна убакыт жакындап келе жатат, баягы менин номерим эч эле күйбөдү. Менден кийин келген адамдар тейленип жатат. "Кандайсыз Айшакан эже, кандайсыз Гулшакан эже жакшысызбы, сиздики айлык да э азыр акчанызды берем... Сиздики карточканызга түшпөй аткан болчу э" - деп эле менден кийин келгендер тейленип жатат. Жанына басып барып:
- Эже, кечиресиз, эмне үчүн менден кийин келгендер тейленип жатат?Мен 40 мүнөттөн бери кутуп отурам!?Тиги кезек системасы иштебейби?
-Аа сиздин талонуңуздун номери канча?
-402.
-Анан айтпайсызбы мен ошону күйгүзмөкмүн да, анан сиз келмексиз( мен айткандан кийин анан тиги кезек номер көрсөткөн экран күйөт экен).
-Айтыш керекпи? Мен кезегимди күтүп эле отура бердим да, каяктан билем?!
Көрсө айтып, жанталашып, "сен, сенден кийин мен" деп өзүңдөн мурунку кишинин этегин кармап алышын керек экен. Эсимде, биз илгери Нарындагы чоң мончого ошондой кезек менен кирчүбүз, көрсө банкта дагы эле ошондо "живой очередь" экен. Акчаны алып, башка жака барып төкмөкмүн, түшкү тыныгуу болуп кетип, жетишпей калдым.Ошентип отурам, эми бир жарым саат күтүшүм керек. Жиним келип 2222 номерине чалып айтсам, болгонун болгондой, датасын, аты-жөнүн, эмне болгонун, телефон номеринизди жазып ийиңиз, биз чара көрүп, сөзсүз кайра сизге жообун айтабыз деп калышты. Койдой мамиле кылынганына макул болуп жүрө берсек эч нерсе өзгөрбөйт. Башка өнүккөн мамлекеттерде, мисалы Турцияда ушундай көрүнүш байкалса башкача болоор эле. Койдой мамилеге макул болсок, койдой мамиле кылына берет.


Даана айтыптыр.


Жайлоо


Желедеги кулундар.Кең пейил, адамгерчилик деген сакталып калган бул жакта. Кымызды тойгончо ичтим. Ар дайым элимдин желесинин бир башынан - экинчи башына ат чаптырса жетпесин.




Телеграмда каналым бар экенин унутуп калыптырмын.


-Ассалому алейкум. Счетчик мененби?
-Ва алейкум. Каяка барасын?
- Бир жака барам, счетчик мененби?
- Жо каяка барасын?
-Жалга.
-150 с болот.
-Канча сом болот деген жокмун, счетчик барбы деп сурап атам.
-Жок.
-Жакшы барыныз.
--------------------
-Ассалому алейкум.Счетчик мененби?
-Ва алейкум ассалам.Ошо жок эле.
-Аа, Жалга чейин канча болот?
-200 сом болобу?
-Болот байке кеттик.


Китеп мощь.


Цумда подземкада отургандардын дуасы:
О Аллах жаан көбүрөөк жааса экен, элдер жаандан коргонуп бул жака кирет, биздин зонтиктерди көрөт анан сатып алат.


47 адам кошулган тематикалык группага ушинтип да жазышат.


Менин оюумча Россия курама командасында 12 киши ойноп жатат.


Телефондун экранына 3D айнек, БерекетГранддын подвалында 100с, ЦУМда 250 с.


Стражи Галактики & Министрдин кызынын махабаты.


👦 Бул Асан.Асан ар бир матч сайын эмне болгонун жаза бербейт. Анткени Асан, элдерде деле телевизор бар экенин билет. Асандай бол.

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.

36

obunachilar
Kanal statistikasi