Шейх Солах Абул Хааж 📜


Kanal geosi va tili: ko‘rsatilmagan, ko‘rsatilmagan
Toifa: ko‘rsatilmagan


Бул канал фыкх жаатында ачылды. Фатва, маселелер эң күчтүү, таяныла турган (муьтамад) китептерден жазылынат.
Иордания мамлекетиндеги Дүйнөлүк Ислам Университетинин деканы Доктор Солах Абул Хааждын фатвалары кыргыз тилине которулуп турат.

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
ko‘rsatilmagan, ko‘rsatilmagan
Toifa
ko‘rsatilmagan
Statistika
Postlar filtri


Суроо. Кыяматтын сонку 10 белгиси кайсылар?

Жооп. Хузайфа ибн Усайд (р.а.) дан риваят кылынган хадисте Пайгамбарыбыз (С.А.В.) айтты: «Кыямат кайым болбойт силер он белгини кормойунчо, алар: 1.Кундун батыштан чыгуусу. 2.Озгочо тутундун чыгуусу. 3.Жер айбанынын чыгуусу. 4.Яжуж, Мажуждун чыгуусу. 5.Исанын (а.с.) тушуусу. 6.Дажжалдын чыгуусу. 7-8-9. Жердин уч жерде жутулуп кетуусу: бири чыгышта, экинчиси батышта, учунчусу, Араб жарым аралында. 10.Андан от чыгып, адамдарды алдына салып алып айдоосу (Муслим).

Катталып, пайда алыңыз..

https://t.me/hanafiajordan


Суроо. Сүрөткө түшсө болобу?

Жооп. Паспортко, докуменке түшсө болот. Эстеликке сүрөткө түшүү шариятка каршы келбейт. Ал эми аркандай позага туруп (селфиге), жөндөн жөн түшө берүү жакшы эмес. Бул фотопарат менен. Ал эми адамдарды, жан жаныбарларды динибиз кол менен тартууга уруксат бербейт. Ким кол менен адамдын элесин тартса кыямат күнү ошол нерсеге «Жан сал деген буйрук болот» деп айтылынат. Биз айтып жатканыбыз адамдын жүзүн тартканга болбойт. Ошол себебтен адамдын келбетин кагазга түшүргөн сүрөтчүлөрдүн алган айлыктары адал деп айтууга оор. Башка жумуш тапкан жакшыраак. Сүрөтчүлөр Аллах Таала жараткан жаратылышты, тоо таштарды тартканга уруксат берилет.
Катталып, пайда алыңыз..

https://t.me/hanafiajordan


Суроо. Пайгамбарлардын жана периштелердин даражалары бирдейби же айырмаланабы?

Жооп. Адам балдарынан чыккан элчи (пайгамбар),  периштелердин элчилеринен (төрт атактуу  периштелерден) мартабалуу (жогору). Периштелердин элчилери,  жалпылай адам заттан жакшыраак. Ал эми жалпылай адамдар,  жалпылай периштелерден жакшыраак. Аллах Таала  туурасын өзү жакшыраак билүүчү.
(Акыйда Насафия).

Катталып, пайда алыңыз..

https://t.me/hanafiajordan


Суроо.  Орозодо көлгө, баняга, душка түшсө болобу?
Жооп.  Орозо абалында сууга түшсө болот. Негизи 3 жерден суунун кирип кетишинен сактанган абалда.
1.  Ооздон
2.  Мурундан
3.  Арткы аураттан
     Жайдын ысык күнү душка салкындоо  үчүн чайканган болот. Көлгө түшүп жатканда катуу чаба урбастан жеңил тушүгө  уруксат. Ал эми күндүзү баняга баруу макрүх. Себеби орозодо алсырата турган нерселерди кылуу макрух болгондуктан. Баняга түшөм десе кечкисин ооз ачкандан кийин түшкөн жакшыраак.

Катталып, пайда алыңыз..

https://t.me/hanafiajordan


Мазхабты кармануу зарылчылыктан келип чыкты. Бүгүнкү күндө мазхаб карманбай коюу адашууга, туура эмес жолго түшүп кетүүгө алып барат. Себеби, биз ажам (араб эмес) калкы курандын, хадистин түпкүлүк маанисин түшүнө албайбыз. Ошол эле арап эли да, арап болгондугуна карабастан аят, хадистин өкүмдөрүн түшүнө беришпейт. Себеби, аят менен хадис өтө дааанышмандыкка толо болгондугу үчүн.

Катталып, пайда алыңыз..

https://t.me/hanafiajordan


Суроо. Мазхаб кармануу керекпи?  Сахабалар мазхаб карманышкан эмес го?                                                                                                                                  
Жооп. Мазхаб кармануу важиб (милдет).  Пайгамбарыбыздын  жана сахабалардын доорунда мазхаб кармануунун кажети жок эле. Себеби,  Пайгамбарыбыз  түшүнбөгөнгө  түшүндүрүп берет эле.  Кийин Сахабалар  дал Алла Тааланын  элчисиндей  кылышты. Б.а. келген суроолорго жооп бере башташты.  Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) жана сахабалар  бул дүйнө менен кош айтышканда  элдин арасында көптөгөн келишпестиктер келип чыкты.  Фирка аттуулар көбөйдү.  Адамдар хадистерди, маселелерди ар кандай пикирде айта баштаганда  табииндерден болгон Улуу Имам Абу Ханифа келип адамдарга  хадистерди туура түшүндүрүп бере баштады. Ошол учурдан баштап илимий мектептин (мазхабтын) башталышы  орун алды.

Катталып, пайда алыңыз..

https://t.me/hanafiajordan


بسم الله الرحمن الرحيم
Урматтуу бир туугандар!

Бул канал фыкх жаатында ачылды. Фатва, маселелер эң күчтүү, таяныла турган (муьтамад) китептерден жазылынат.
Иордания мамлекетиндеги Дүйнөлүк Ислам Университетинин деканы Доктор Солах Абул Хааждын (Алла Таала ишине береке берсин) фатвалары кыргыз тилине которулуп турат.

Катталып, пайда алыңыз..

https://t.me/hanafiajordan

7 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.

218

obunachilar
Kanal statistikasi