2025-ЖЫЛЫ 20ГА ЖАКЫН ФУТБОЛДУК ОБЪЕКТ КУРУЛУП, РЕКОНСТРУКЦИЯДАН ӨТӨТ
Бүгүн, 20-январда, Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде стадиондорду куруу жана реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жумушчуу жыйын өттү. Жыйынга Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков, КФБнын Президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле курулуш долбоорлору боюнча иш алып барган уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Токмок, Нарын, Талас, Таш-Кумыр, Шамалды-Сай, Токтогул жана Сокулук районундагы стадиондордун курулушунун жана реконструкциясынын учурдагы абалы талкууланды. Катышуучулар курулуш иштери, графиктер, долбоорлордун аткарылышы жана келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү боюнча чаралар боюнча талкуу жүргүзүштү.
Ошондой эле каржылоо, логистиканы жакшыртуу жана долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында көзөмөлдү камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү. Бул жылы 20 жакын объекттин курулушу жана реконструкциясы пландалууда.
Долбоорлор спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталып, региондордо спорт менен машыгуу үчүн заманбап шарттарды түзүүдө, анын ичинде улуттук жана эл аралык турнилерди уюштурууга мүмкүндүк берет.
-
В 2025 ГОДУ БУДЕТ ПРОВЕДЕНО СТРОИТЕЛЬСТВО И РЕКОНСТРУКЦИЯ ОКОЛО 20 ФУТБОЛЬНЫХ ОБЪЕКТОВ
Сегодня, 20 января, в офисе Кыргызского футбольного союза состоялось рабочее совещание в рамках реализации проектов по строительству и реконструкции стадионов в регионах Кыргызстана. В совещании приняли участие генеральный секретарь КФС Медербек Сыдыков, советник Президента КФС Аманбек Каскеримов, представители местных органов власти различных регионов страны, а также представители подрядных и проектных организаций.
На повестке дня обсуждались вопросы текущего состояния строительства и реконструкции стадионов в городах Токмок, Нарын, Талас, Таш-Кумыр, Шамалды-Сай, Токтогул, а также в Сокулукском районе. Участники рассмотрели ход выполнения работ, графики строительства, качество исполнения проектов и меры по устранению возникающих трудностей.
Также поднимались вопросы финансирования, улучшения логистики и обеспечения контроля на всех этапах реализации проектов. В этом году планируется строительство и реконструкция около 20 объектов по стране.
Проекты нацелены на развитие спортивной инфраструктуры в регионах, что создаст современные условия для занятий спортом, тренировок и проведения соревнований, включая национальные и международные турниры.
#kfu_kg