Kyrgyz Football Union


Channel's geo and language: not specified, Russian
Category: not specified


Кыргыз футбол биримдигинин расмий телеграм-каналы 🇰🇬

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
not specified, Russian
Statistics
Posts filter


УЛУТТУК ФУТБОЛ АКАДЕМИЯСЫНА ФИФА ТАЛАНТТАР МАКШЫКТЫРУУЧУЛАР ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА КЫРГЫЗСТАНГА ЖАҢЫ АДИС КЕЛДИ

Жаш футболчу таланттарды өнүктүрүүгө багытталган ФИФАнын «Таланттар тренери» программасы Кыргызстанда ийгиликтүү уланууда. Бул багытта өлкөгө жаңы ФИФА машыктыруучусу — Руджериу Барруш келип, Улуттук футбол академиясында ишин баштайт.

Бүгүн Кыргыз футбол биримдиги менен португалиялык адистин ортосунда расмий келишимге кол коюу аземи өттү. Келишимге КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков кол койду. Ошондой эле, Руджериу Барруш Улуттук футбол академиясынын техникалык директору Анарбек Ормомбеков менен жолугушуп, мындан аркы кызматташтыктын негизги багыттарын жана максаттарын талкуулашты.

Руджериу Барруш — УЕФАнын «А» категориясындагы лицензиянын ээси, Португалиянын атактуу «Бенфика» академиясынын тарбиялануучусу. Ал жаштар жана чоңдор командалары менен улуттук жана эл аралык деңгээлде ийгиликтүү иштеп келген тажрыйбалуу адис. Ал машыктыруучулук карьерасында Португалияда, Кытай жана Африкада ар кандай клубдар менен 15 жылдан ашык убакыт иш алып барган.

-

В НАЦИОНАЛЬНОЙ АКАДЕМИИ ФУТБОЛА ПРОДОЛЖИТСЯ РЕАЛИЗАЦИЯ ПРОГРАММЫ ТРЕНЕР ТАЛАНТОВ ФИФА — В КЫРГЫЗСТАН ПРИБЫЛ НОВЫЙ СПЕЦИАЛИСТ

Программа «Тренер талантов ФИФА», направленная на развитие перспективных молодых футболистов, продолжает успешно реализовываться в Кыргызстане. В страну прибыл новый тренер талантов ФИФА — Руджериу Барруш, который приступит к работе в Национальной академии футбола.

Сегодня состоялась официальная церемония подписания контракта между Кыргызским футбольным союзом и тренером из Португалии. Документ был подписан генеральным секретарём КФС Медербеком Сыдыковым. В рамках визита также состоялась встреча Руджериу Барруша с техническим директором Национальной академии футбола Анарбеком Ормомбековым, в ходе которой стороны обсудили приоритеты и перспективы дальнейшего сотрудничества.

Руджериу Барруш — обладатель лицензии УЕФА «А», воспитанник академии португальского клуба «Бенфика», обладает большим опытом работы как с юношескими, так и со взрослыми командами. Он успешно трудился на национальном и международном уровне. Его тренерская карьера охватывает более 15 лет в клубах Португалии, Китая и Африки.

#kfu_kgz




ОШТО АФКНЫН "C" КАТЕГОРИЯСЫ БОЮНЧА МАШЫКТЫРУУЧУЛАР КУРСУ БАШТАЛДЫ

21-апрелден 26-апрелге чейин Ош шаарында Азия Футбол Конфедерациясынын (АФК) "C" категориясы боюнча тренерлер курсу өтөт. Билим берүү программасы Ош облусунун Футбол Ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, ФИФАнын техникалык эксперти Бахтиёр Дадаматовдун катышуусунда өтүүдө. Ал Өзбекстан Футбол Ассоциациясын өкүлү болуп саналат.
Ошондой эле курстун инструкторлору болуп Мирзалиев Алмазбек жана Кашуба Светлана — эл аралык стандарттар боюнча тренерлерди даярдоочу сертификацияланган адистер дайындалды.

📌 Курстун максаты — АФКнын методологиясына ылайык, балдар жана жаштар менен натыйжалуу иштөө үчүн квалификациялуу футбол машыктыруучуларын даярдоо. Программа тренерлердин педагогикалык, техникалык жана уюштуруу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган жана футболду региондордо популяризациялоону көздөйт.

👥 Курстун катышуучулары жаш спортчулар менен иштөө үчүн зарыл болгон теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алышат. Өзгөчө, жаш курактык өзгөчөлүктөргө, тренердин жетекчилик ролуна, окутуу ыкмаларына жана техникалык-тактикалык даярдыкка көңүл бөлүнөт.
Эскерте кетсек, программа аяктагандан кийин катышуучулар расмий сертификаттарга ээ болушуп, АФКнын кийинки лицензия деңгээлине өтүү мүмкүнчүлүгүн алышат.

В ОШЕ СТАРТОВАЛ ТРЕНЕРСКИЙ КУРС НА ПОЛУЧЕНИЕ ЛИЦЕНЗИИ КАТЕГОРИИ "С" ОТ АФК

С 21 по 26 апреля в городе Ош проходит тренерский курс на получение лицензии категории "С" от Азиатской футбольной конфедерации (АФК). Образовательная программа организована Ассоциацией футбола Ошской области и проводится при участии технического эксперта ФИФА — Бахтиёра Дадаматова из Узбекской футбольной ассоциации.
Инструкторами курса выступают Мирзалиев Алмазбек и Кашуба Светлана — сертифицированные специалисты с опытом подготовки тренеров по международным стандартам.

📌 Цель курса — подготовка квалифицированных футбольных тренеров, способных эффективно работать с детьми и молодёжью в соответствии с методологией АФК. Программа направлена на развитие педагогических, технических и организационных навыков, а также на популяризацию футбола на региональном уровне.

👥 Участники получат как теоретические знания, так и практические навыки, необходимые для работы с юными спортсменами. Особое внимание будет уделено возрастным особенностям, роли тренера как наставника, методам обучения, а также технико-тактической подготовке игроков.
Отметим, что по завершению программы участники получат официальные сертификаты и возможность продолжить обучение по следующей ступени лицензирования АФК.




КЫРГЫЗСТАНДЫК АДИС U-17 АЗИЯ КУБОГУНУНДА ИШТЕДИ

Кыргызстандын адиси континенттин эң мыкты 16 команданын катышуусу менен Cауд Арабиясынын Джидда шаарында орун алган U-17 жаштар курама командалар арасындагы Азия Кубогунда иштеди. Аталган турнир, кечээ күнү, 20-апрелде жыйынтыкталды.

КФБга тиешелүү «Спорт маркетинг» уюмунун жетекчиси Назгуль Орозканова турнирдин тайпалык оюндарын кабыл алган Абдаллы Спорт падышасынын атындагы «Сити Холл» стадионунда маркетинг офицеринин милдетин аткарды.

Аталган дайындоо Кыргызстандын адистери эл аралык аренада талабы бар, жогорку кесипкөйлүккө ээ экендигинен кабар берет.

#kfu_kgz


БАТКЕНДЕ АФКНЫН С ЛИЦЕНЗИЯСЫ БОЮНЧА КУРСТУН БИРИНЧИ МОДУЛУ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Баткен шаарында Азия футбол конфедерациясынын (АФК) С категориясындагы лицензия алуу боюнча машыктыруучулар курсу ийгиликтүү аяктады. Бул окуу курсу Кыргыз футбол биримдиги тарабынан уюштурулуп, региондордогу машыктыруучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатын көздөдү.

Курсту башкы инструктор Мирзалиев Алмазбек жетектеп, ага ассистент инструктор катары Эрбутаев Олег көмөктөштү. Окууга жалпысынан 16 катышуучу тартылып, алар теориялык жана практикалык сабактар аркылуу заманбап машыктыруучулук көндүмдөрдү өздөштүрүштү.

Программа АФКнын талаптарына ылайык түзүлүп, футболдук машыгууларды пландоо, оюнчулардын техникалык жана тактикалык даярдыгы, ошондой эле оюн анализи сыяктуу темаларды камтыды.




ТОКМОК ШААРЫНДА БАШТАЛГЫЧ МАШЫКТЫРУУЧУЛАР ҮЧҮН D КАТЕГОРИЯСЫНДАГЫ КУРС ӨТТҮ

15–17-апрель күндөрү Чүй облусунун Токмок шаарында балдар футболу боюнча башталгыч деңгээлдеги машыктыруучулар үчүн D категориясындагы окуу курсу өткөрүлдү.

Бул курс Кыргыз футбол биримдиги тарабынан уюштурулуп, өлкөнүн ар кайсы аймактарында балдар жана өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү максатын көздөдү.
Окутууну Кыргыз футбол биримдигинин лицензияланган инструктору Амир Алимов жетектеди.

Курстун жүрүшүндө катышуучулар машыктыруучулук иштин негиздерин, жаш өзгөчөлүктөргө жараша машыгууларды уюштурууну, психология жана мотивация боюнча негизги темаларды өздөштүрүштү.
Программа теориялык сабактар менен практикалык машыгууларды айкалыштырып, катышуучуларга алган билимдерин дароо талаа шартында колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Окуу аяктаганда катышуучуларга D категориясындагы расмий сертификаттар тапшырылып, аларга Кыргыз футбол биримдигинин программаларынын алкагында балдар менен иш алып барууга укук берилди.


ОШ ШААРЫНДА Б. СУЛТАНБАЕВ АТЫНДАГЫ ФУТБОЛ КАЛЫСТАР МЕКТЕБИНИН ЖАБЫЛУУ АЗЕМИ ӨТТҮ

Ош шаарындагы А. Момунов атындагы футбол академиясынын базасында Б. Султанбаев атындагы футбол калыстар мектебинин жабылуу аземи болуп өттү.

Алты айлык окууну ийгиликтүү аяктаган 6 бүтүрүүчү Кыргыз футбол биримдигинен калыстар үчүн атайын формаларды жана сертификаттарды алышты.

Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитетинин мүчөсү, Калыстар комитетинин төрагасы Кочкоров Бахадыр Закирович, Ош облусу жана Ош шаары боюнча Футбол ассоциациясынын төрагасы Кадырбеков Нурсултан Жакыпович, калыстык өнүктүрүү боюнча регионалдык адис Талипжанов Исмаил Исакович, ошондой эле КФБнын инструкторлору Машенцев Дмитрий Владимирович, Орунбаев Ымамидин Тешебаевич жана Абдумажидов Ильхом Махмудович катышты.

#kfu_kgz






АФКНЫН ФУТБОЛДУК МЕНЕДЖМЕНТ БОЮНЧА ПРОГРАММАСЫНЫН АЛГАЧКЫ МОДУЛУ ИЙГИЛИКТҮҮ ЖЫЙНТЫКТАЛДЫ

17-апрель күнү Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Академиялык билим берүү борбору (ACE) менен биргеликте футбол администрациясы жана менеджменти боюнча ACFAM (AFC Certificate in Football Administration and Management) программасынын алгачкы модулу ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, бул программа АФКга мүчө болгон 47 өлкөнүн ичинен биринчи жолу Кыргызстанда өткөрүлүп жатат.

Программанын максаты - футбол тармагында иш алып барган адистердин квалификациясын жогорулатуу болуп саналат. Бул инновациялык программага Кыргыз футбол биримдигинин аймактык ассоциацияларынан, футболдук клубдардан, футбол академияларынан, лигалардан жана башка түзүмдөрдөн келген 33 адис катышууда.

Биринчи модул алкагында окуунун катышуучулары дүйнөлүк футболдун уюштурулушу жана стратегиялык башкаруу боюнча темалар менен таанышып, АФК дайындаган чет өлкөлүк эксперт жана адистерден баалуу билим алышты.

Программа аралаш форматта өтүп, онлайн жана офлайн форматта болот. Бул ыкма ийкемдүүлүктү камсыздап, сапаттуу билим алууга мүмкүндүк түзөт. Окуу курсу алты айга созулуп, 12 негизги модулду камтыйт. Ар бир модул интерактивдүү талкууларды, практикалык көнүгүүлөрдү камтып, катышуучулар алынган билимин өз ишинде колдонууга шарт түзөт. Программанын кийинки модулу май айында орун алат.

#kfu_kgz

12 last posts shown.