Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу эки айга камалды
1-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу кармалган жолдошунун бөгөт чарасын карап, 30-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” маркумдун жакындарынын адвокаты Жанат Гүлжигитов билдирди.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү аны 30-августта Кылмыш-Жаза кодексинин “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен айып тагып, кармаган.
Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги №4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан. Маркумдун жакындары кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгонун, буга чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтышкан.
Айтурган Маматкулова - Оштун тургуну. Ал бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Социалдык тармактарда келиндин өлүмүнүн себептерин аныктап, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу боюнча талаптар жазылган.
Ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү териштирип жатат. Алгач факты боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү тергөөгө чейинки териштирүү баштаган. Баштапкы экспертизада “Полидорго уулануу, өз жанын кыюу. Жүрөк-кан тамыр курч жетишсиздиги” деген корутунду берилген. Андан ары окуяны тактоо үчүн иш Октябрь райондук милициясына өткөрүлгөн.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында, ушул жылдын беш айында үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5153 учур катталган. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилген. https://www.azattyk.org/a/33101567.html