«Азаттык» радиосу


Channel's geo and language: World, Russian


«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus

Related channels  |  Similar channels

Channel's geo and language
World, Russian
Statistics
Posts filter


Video is unavailable for watching
Show in Telegram


Абхазиянын башчысы оппозициянын ультиматумунан кийин Сухумиден чыгып кетти

Абхазия Республикасынын башчысы Аслан Бжания оппозициянын кызматтан кетүү талабынан кийин Сухумиден чыгып кетти.

Оппозиция Бжанияга кечээ, 15-ноябрда, кызматтан кетүүдөн баш тарткан соң ультиматум койгон. Ага ойлонуу үчүн бир саат берилген. "Эгер ал отставкага кетпесе, анда биздин эмне кыларды билесиздер. Биз анын кайда экенин табабыз", – деп билдирген оппозиция лидерлеринин бири Леван Микаа.

Кийинчерээк Бжаниянын шаардан чыгып кеткендиги маалым болду. Анын пресс-кызматынын айтымында, ал түн ичинде Сухумиден 40 чакырым алыстыкта жайгашкан Тамыш айылына жеткен. Оппозициянын маалыматы боюнча, Бжания азыр орус аскердик базасында болушу мүмкүн.

"Эгерде президент эртең менен байланышпаса, анда [...] парламент кворум аркылуу кызматтан кетүү маселесин чечиши керек",

– деди Микаа.


❗️Султанбековдун атасы уулунун коопсуздугуна бийлик жооптуу экенин айтты

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков уулунун камалышы тууралуу элге жана бийликке видео кайрылуу жолдоду. Анда өзү Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн ардагери экенин, 30 жыл өлкөгө кызмат кылганын айткан. Уулуна татыктуу тарбия бергенин, ушул күндөрү ага мыйзамсыз иш-аракеттер болуп жатканына токтолгон. Баласынын коопсуздугуна мындан ары өлкө бийлиги жооптуу болорун белгилеген.

“Мен уулум менен сыймыктанам жана аны чынчыл, акыйкат болуу, кыргыз элине кызмат кылуу деген сапаттарга ээ кылып тарбиялаганымды ишенимдүү айта алам. Ушул күндөрү Темирланга жасалган мыйзамсыз аракеттерге үн катпай, реакция кылбай келдим. Аны мыйзамсыз 16 саат бою суракка алып, талапкердин конституциялык укугу бузулуп жатканда дагы унчуккан жокмун. Уулумду уурдап кетишкенде дагы үн катпадым. Кечээки сотто ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлеринин аракеттеринен кийин ата катары менин уулумдун коопсуздугуна тынчсыздана баштадым. Бүгүнтөн тартып Темирландын саламаттыгы жана өмүрү үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөйм”, -деди Султанбеков.

Садыр Жапаров жана анын администрациясы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

@azattyk_radiosu


‼️ИИМ жарандарды чет элдик номурлуу унааларды сатып алууда сак болууга чакырды

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды чет өлкөлүк номурлуу унааларды сатып алууда сак болууга чакырды. Мекеменин 15-ноябрдагы билдирүүсүндө соңку учурда Армениядан, Абхазиядан жана Орусиядан унааларды тетик катары Кыргызстанга алып келип, бул жактан чогултуп унаа катары саткан учурлар бар экени айтылат.

Мындайда унаалар чек арадан, бажыдан каттоодон өтпөй, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турганы да жазылган.

Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк номурлуу унааларды иретке келтирүү максатында Салык кызматы жана Унаа мамлекеттик агенттиги менен иш-мерчем түзүп, жакынкы күндөрү рейддер башталарын эскертти.

@azattyk_radiosu


Израил Бейрутта "Хезболлага" каршы сокку уруп жатат

Сириянын борбору Дамаск шаарында Израилдин 14-ноябрдагы чабуулунан кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды. Ливанда да чабуул уланды. Израил буга чейин "Хезболлага" Сириядан курал-жарак ташуунун бардык жолдорун жабарын эскерткен.

Жума күнү Израилдин соккусу Бейруттун кыйма-чийме жолдун биринин жанындагы имаратка тийип, шаардын бул бөлүгүн урандыга толтурду. 15-ноябрдагы Израилдин соккусунан Бейруттун чет жакасында жайгашкан Таюне конушундагы имараттар жабыркаганы белгилүү болду. Анын алдында эл жыш жашаган, көп кабаттуу үйлөрү бар бул райондогу элге эвакуация тууралуу эскертүү берилген.

"Биз үйдө отурганбыз. Буга чейин борбордук парктын аймагына сокку болот деп, эвакуациялоого эскертүү болгон. Биз сыртка чыкканда имараттар жер менен жексен болгонун көрдүк. Азыр абал силер көрүп тургандай. Бир гана кудай билет эмне болорун",

- деди күбөлөрдүн бири.

@azattyk_radiosu


Сот Султанбековду, Карамушкинаны жана Түрксеверди эки айга камакка алды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Алардын бөгөт чарасы 15-ноябрда каралды. Соттун чечимине ылайык, үч жаран Бишкектин №1 тергөө абагында камалат.

Соттук процесстин алдында Султанбеков коюлган айыптарды четке кагып, "чындык биз тарапта" деп учкай кайрылуу жасаган.

Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча кылмыш ишин козгоп, Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер кармалган. Толук окуңуз 👉🏻https://smarturl.click/B65Mn


"Экөөнү тең көргүм келет". Болот Темировдун ата-энесин күткөн уулу

Кыргызстандан күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров менен алты жылга соттолгон "Темиров лайв" порталынын жетекчиси Махабат Тажыбек кызынын 12 жаштагы уулу учурда таенесинин колунда. Ал атасын эки, апасын бир жылдан бери көрө элек. Кесиптик ишмердигинен улам куугунтукка кабылган журналисттердин уулун ким камкордукка алат деген маселе чыккан эле. https://www.youtube.com/watch?v=2etjZAsy2XU&t=2s


Туура эмес тамактануу жана сасык тумоо васкулитке алып келет | "Эже-сиңдилер"

Кыргызстанда быйыл балдар арасында геморрагиялык васкулит оорусу көбүрөөк катталды. Былтыр Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна мындай диагноз менен 356 бала түшсө, быйыл 8 айда эле 270 бала аныкталды. https://www.youtube.com/watch?v=e6sOe5ktAiY


Жаңылыктар | 15.11.2024 | Израил Сирия, Ливанды аткылады, 27 жаштагы келин бычактан каза болду

- Социал-демократтар” партиясы Бишкек шаардык кеңешине өтө турган шайлоодон четтеттилип, лидери Темирлан Султанбеков кармалды. Алар муну саясий басым деп баалап жатат.

- Сириянын борбору Дамаск шаарында Израилдин 14-ноябрдагы чабуулунан кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылды. Израил Ливандын борбору Бейрутка да соккуларын улантты.

- Бишкекте үй-бүлөлүк чырдан бычак жеген 27 жаштагы келин каза болуп, күйөөсү ооруканага түштү. Окуяны милиция териштирип жатат. https://www.youtube.com/watch?v=FRkU7NZHZ2U


Мэрия Айтматов проспектисиндеги теректерди кыя турганын билдирди

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги теректер кыйылат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 15-ноябрда көчмө маалымат жыйынында билдирди.

Ал мындай чечимге келерден мурда бир топ изилдөөлөр жүргөнүн айтып, бактар эскирип, коркунуч жаратканы үчүн кыйыла турганын айтты.

"Бул теректер 1972-1975-жылдары тигилген экен. Катуу шамалдан кулай турган болсо шаар тургундарына кооптуу болот. Биз бактардын баарын жаңылап, жалбырактуу бактарды тиксек, шаардын климатына туура келет экен. Азыр Айтматов көчөсүндөгү эле 1400 дарактын мөөнөтү бүткөн экен. Анын ичинен 200 бакты алган жатабыз",

- деди Айбек Жунушалиев.

Жунушалиев Айтматов проспектисиндеги жол кеңейтилбей турганын жана жаңы тигилген теректердин арасында веложол менен эс алуу жайы пайда боло турганын кошумчалады.

@azattyk_radiosu


Video is unavailable for watching
Show in Telegram
Султанбеков кармалып, "Социал-демократтар" Бишкектеги жарыштан четтетилди

@azattyk_radiosu


Бишкекте бычак жеген келин көз жумду, күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө

15-ноябрь күнү саат 7:40 чамасында Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургуну, 27 жаштагы Н. А. аттуу келин бычактан жараат алып, "Тез жардам" ооруканасына жеткирилген. Көп өтпөй каза болгон. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ооруканага ошондой эле бычактан алган жарааты менен маркумдун күйөөсү - 34 жаштагы А. Р. аттуу адам да жеткирилген, учурда жандандыруу бөлүмүндө. Аны милиция кайтарууга алганы кабарланды.

РИИБдин маалыматына караганда, жубайлардын экөөнү тең ооруканага туугандары жеткиришкен. Иликтеп-текшерүү иштери учурунда жубайлар чатакташканы аныкталган.

@azattyk_radiosu


Шайлоо: "Адилет" партиясынын ишин кароо жылдырылды

Бишкек шаардык кеңешине ат салышып жаткан "Адилет" партиясынын добуш сатып алууга шек саналып жатканына байланыштуу арызды кароо жылдырылды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматында, буга партиянын кошумча документтерин суратуу зарылдыгы себеп болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы 14-ноябрда "Адилет" саясий партиясынын үгүтчүсүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш ишин козгогону маалым болгон. (Иллюстрация сүрөт)

@azattyk_radiosu


АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп республикачы сенатор Марко Рубиону Мамлекеттик департаменттин башчысы кызматына көрсөттү. Рубио Кытай боюнча катаал саясат зарылдыгын айткан, Кубанын коммунисттик өкмөтүн ачык сындаган, Израилди активдүү колдогон саясатчы.

Вашингтондогу “Демократияны коргоо фондунун” аналитиги Бехнам Бен Талеблу "тышкы саясаттагы айрым маселелерде катаал позицияда турган Рубиону тандоо менен шайланган президент өзүнүн эл аралык чөйрөдөгү көз караштарын бөлүшкөн адамга артыкчылык берүүнү көздөйт, - деп эсептейт. #rfe_rl

@azattyk_radiosu


"Социал-демократтардын" лидери Темирлан Султанбеков кармалды

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков да кармалды. Бул тууралуу 14-ноябрда Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ал шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелүүдө.

"Буга чейин социалдык түйүндөрдө жогоруда аты аталган партиянын мүчөлөрүнүн добуш сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү тараган. Анын негизинде Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык иши козгогон. Күбө катары “Социал-демократтар” партиясынын лидери Т. С. жана бир катар мүчөлөрү К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р. А.Б. суракка алынып, алардын ичинен К.И., Т.Р. жана учурда Т.С кармалып, кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталууда",

- деп айтылды шаардык милициянын маалыматында.

Кармалгандар шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени, учурда тергөө жүрүп жатканы, жыйынтыгы менен бардык шектүүлөрдүн аракетине мыйзам чегинде юридикалык баа берилери кабарланды.

Козголгон кылмыш ишине байланыштуу 14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында “Социал-демократтар" партиясынын маселеси каралып, аны Бишкек шаардык шайлоосунан четтеткен чечим кабыл алынган. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конуров аталган партияга буга чейин эки ирет эскертүү берилгенин билдирген.
Толук окуңуз 👉🏻 https://smarturl.click/gp9Go


Орусия түндүк кореялык аскерлерди окко салды | "Биз жана дүйнө"

Орусия Курск облусунан украин күчтөрүн сүрүп чыгарууга түндүк кореялык аскерлерди салып жатканы кабарланды. Расмий Киевдин эсебинде ушул тапта Пхеньяндын 10 миңден ашуун аскери Курскиде турат жана алардын алды украин жоокерлери менен кагылышып, жоготууга учурады. Москва эмне себептен чет элдик контингентти согушка салууга мажбур болду? Бул жерде Түндүк Кореянын кызыкчылыгы кандай? Деги эле бул Украинадагы уруштун нугун канчалык өзгөртө алат? https://youtu.be/71aTR4wBsYs


Аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетти

Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында “Социал-демократтар" партиясынын маселеси каралып, партияны Бишкек шаардык шайлоосунан четтетүү чечимин кабыл алды. Жыйында партияны четтетүү сунушуна комиссиянын сегиз мүчөсү тең макул болду.

“Социал-демократтар” партиясы боюнча маселени кароого Бишкек шаардык милициясынын добуш сатып алуу боюнча козгогон кылмыш иши негиз болгон. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конуров аталган партияга буга чейин эки ирет эскертүү берилгенин билдирген.
Толук окуңуз 👉🏻 https://smarturl.click/Yz9ZA






Акылбек Жапаров Асман шаарын курууга акча табылганын айтты

Асман шаарынын курулушун долбоорлоого 480 млн доллар каражаттын булагы табылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-ноябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат учурунда билдирди. Ал өкмөт тарабынан башка да шаарларды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров октябрь айында жарлык чыгарып, Министрлер кабинетине келерки жылдын 1-мартына чейин Асман шаарынын курулушунун концепциясын иштеп чыгып, бекитүүнү тапшырган.

@azattyk_radiosu

20 last posts shown.