🟣 Куран Каримде мындай деп айтылат:
"Зынанын ашкерисине да, көмүскөсүнө да жакындабагыла!".
🔖 Куран [Анъам сүрөсү, 6/151].
☝🏼 Бул жерде зынанын түрлөрү - өбүшүү, кармалоо жана тиктешүү тууралуу да айтылып жатса керек.
🔵 Пайгамбарыбыз [саллаллаху алейхи ва саллам]:
"Колдор, буттар, көздөр да зына кылышат". деген.
🔖 Хадис [Абу Дауд, 2152; Ахмад бин Ханбал, 8321].
🟣 Аллах Таала эркектерди да, аялдарды да арамга кароодон тыйган. Улуу Жараткан бир топ аяттар менен зынан арам кылган:
"Зына кылгандар оор азапка тартылышат".
🔖 Куран [Фуркан сүрөсү, 25/68].
🔵 Пайгамбарыбыз [саллаллаху алейхи ва саллам] мындай дейт:
"Зынадан сактангыла. Анткени аны бул дүйнөдө үч, акыретте үч болуп, жалпысынан алты апааты бар.
Бул дүйнөдөгүлөр:
▪️ 1 - Ырыскыны кемитет;
▪️ 2 - Омүрдү кыскартат;
▪️ 3 - Адамды жер каратат.
Акыреттеги апааттары төмөнкүлөр:
🔺 1 - Аллах Тааланын азабына себеп болот;
🔺 2 - Катуу суракка кабылтат;
🔺 3 - Тозокко жол ачат."
© "Жүрөктөрдүн ачкычы" китебинен