23 Sep 2024, 09:34
23 Sep 2024, 09:30
Ыйык Куран китеби кыргыз тилинде 😍"Сен балаңа Куран окуганды үйрөт, а Куран балаңа баарын үйрөтөт",- деген эмеспи... Сиз өзүңүз үчүн да, балдарыңыз үчүн да бул китепти сөзсүз окушуңуз керек.Баасы: 700 сом
23 Sep 2024, 09:26
Бул китепте аты айтып тургандай эле, жашообуздагы өтө маңыздуу, зарыл маселелерге чекит коюла тургандай, Сүйүктүү асыл пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа САВдын берекелүү, керектүү хадистери топтолуп жыйнакталган. Өзгөчө азыркы тапта бизде ажырашуу арбындап күчөп бара жатат. Жашоодо мусулман адам тың болуш керек, бирок ошого карабастан жүрөгүнө дүйнө кирип, ата-энесине убакыт ажырата албай, бала-бакырасына көңүл бура албай, үй-бүлөсүндө араздашуулар көбөюп кеткен себептен бул китеп, ошондой чоң көйгөйлөргө ачык-айкын чечим катары жазылган.
23 Sep 2024, 09:09
Тарыхтын кайсы барагын ачпагын, адамзаттын жыргалчылыгы үчүн жанын аябаган назик жандардын да элесин көрөсүң. Бул эмгекте үй-бүлө башчысы менен бирге коомдогу аялдык милдетин эң мыкты орундаткан сахаба энелердин өмүр жолу тууралуу тарыхый маалыматтар берилген. Бул чыгарма бактылуу доордун аялдарынын руханияты жана ажайып дүйнөсү менен таанышуу, ошол дүйнөнүн руханий жашоосунун даамын татуу жагынан алганда абдан зор байлык деп айтууга болот.Жалпы аялзатына үлгү болгон сахаба энелердин өрнөктүү өмүрү менен жакындан таанышуу аркылуу, дартыңызга даба, көңүлүңүзгө жөлөк, жашооңузга дем аларыңыздан күмөн санабаңыз. Ошондой эле бул китеп кыз баланын мүнөзүн, намысын калыптандырууда табылгыс эмгек.Китеп бардык окурмандарга арналган.
23 Sep 2024, 08:18