⚖️ Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында облустун жашоочуларына акысыз укуктук жардам кѳрсѳттү.
👉🏻 Белгилей кетсек, калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү жана жабыркаган документтерди калыбына келтирүү боюнча тийиштүү адистерден турган мобилдүү топ түзүлгѳн. Мобилдүү топтун курамында юстиция кызматкерлери, адвокаттар, нотариустар, ошондой эле социалдык фонддун, «Кадастр» мекемесинин жана башка тийиштүү органдардын кызматкерлери катышышты. Алар атайын жабдылган автобус менен график боюнча аймактарга чыгышты.
📝 Мобилдүү топ графикке ылайык: 3-октябрында Баткен районунун Ак-Сай, Кѳк-Таш, Миң-Ѳрүк айылдары; 4-октябрда Баткен районунун Кара-Бак, Кызыл-Бел, Достук айылдары; 5-октябрында Орто-Боз жана Самаркандек айылдарында, 6-октябрында Лейлек районунун Борбордук, Жаштык, Арка айылдары; 7-октябрда Интернационал, Максат айылдарында, 8-октябрда Раззаков, Ак-Арык, Кулунду айылдарында калкка акысыз юридикалык жардам берди.
#минюсткр