yiman_nuruum


Гео и язык канала: не указан, не указан
Категория: не указана


Похожие каналы

Гео и язык канала
не указан, не указан
Категория
не указана
Статистика
Фильтр публикаций


Эгер бирөөгө толтура
жакшылык кылып, бир жолу
туура эмес иш кылып
койсоң ал адам сенден баш тартат. Бирок ушунча туура эмес иштерди кылсаң дагы
Алла Таала дагы деле сенден баш тарткан жок🌸
Альхамдулиллах🌸


🔴 СУЛУУЛУК ДА СЫНОО

Абу Фараж ибну аль-Жаузи, рахимахуллах, бир окуяны мындайча баяндайт: 

«Меккеде бир сулуу аял бар болчу, анын күйөөсү бар эле. Күндөрдүн биринде күзгүгө каранып жатып сулуулугуна суктана: 
– Ушундай сулуулукту көрүп, азгырылбаган эркек бар болду бекен? – деп жанында турган күйөөсүнө айтса, ал: 
– Ооба, андай адам бар,– дейт. 
– Ал ким болду экен, ыя?– деп таң кала күйөөсүнөн сурайт.
– Ал Убайд ибну Умайр,– дейт. Ошондо аялы:
– Мага уруксат берсең, мен аны бир азгырып көрөйүн,– дегенде ал: 
– Макул, аракет кылып көрчү, азгыра алар бекенсиң,– деп уруксатын берет.
 
Ошондо ал аял шарият боюнча суроолорду сурамыш болуп Убайд ибну Умайрга келет. Качан ал экөөсү Кааба жайгашкан аль-Харам мечитинин бир тарабында жалгыз туруп калган кезде ал аял айдай чырайлуу жүзүн дароо ача салат. Ошондо Умайр ага:
– Эй, Кудайдын пендеси! Жап жүзүңдү! – десе, жанагы сулуу аял:
– Мен сизди каалап турам, кааласаңыз өзүмдү сизге арнайм, сунушумду четке кага көрбөңүз,– дейт. Ошондо Умайр ага:
– Мен сага бир нече суроо берем, эгерде сен чындык менен жооп берсең, анда сенин сунушуңду ойлонуп көрөйүн,– дейт. 
– Кандай суроо сурабаңыз, чындыкты гана айтамын,– деп аял сөз берет.
 
– Айтчы, сен экөөбүз ушул ишти кылып жаткан кезде өлүм периштеси жаныңды алганы келсе, сен ушул ишти кылып жатканыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Бул айтканың чындык,– деди Убайд.
 
– Кабырга кирдиң дейли, периштелер сенден сурак алуу үчүн сени отургузду, мына ошол кезде ушул ишти кылганыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Бул айтканың да чындык,– деди Убайд.
 
– Кыяматта адамдарга амал китептери берилип жатса, бирок сага амал китебиң оң тараптан берилеби же сол тараптан берилеби али билбейсиң, мына ошол кезде ушул ишти кылганыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Бул ирет да чындыкты сүйлөдүң,– деди Убайд.
 
– Сырат көпүрөсүнөн өтөйүн деп жатасың, бирок өтөсүңбү же өтпөйсүңбү али билбейсиң, мына ошол кезде ушул ишти кылганыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Бул айтканың чындык сөз,– деди Убайд.
 
– Адамдардын кылган иш-аракеттерин эсептөөчү таразага сенин иш-аракеттериңди коё турган болду дейли, бирок кайсы тарабы оор боло турганын сен али билбейсиң, мына ошол кезде ушул ишти кылганыңа сүйүнөт белең?
– Жок! Оо, Аллах!
– Сен чындыкты айттың! Аллах сага ушундай сулуулукту берип жакшылык кылган экен, эми Аллахтан корксоң боло,– деп насаатың айтат.
 
Ошондо ал аял үйүнө кайтып кетет. Үйүнө келгенде күйөөсү аялынан:
– Аны азгыра алдыңбы? – деп кызыга сурайт. Аялы:
– Куругур, сен жалганга батыптырсың, сен экөөбүз жалганга баткан экенбиз,– деди да, намаз окууга киришти, орозо тута баштады, ибадатка баш оту менен берилип кетти. Кийин күйөөсү ар кимге арман кылып мындай деп айтып жүрдү:
– Мени карачы, эми Убайдды кара, ал аялым экөөбүздүн ортобуздагы мамилени бузуп тынды. Мурда аялым ар бир түнү мен үчүн биринчи түндөгүдөй болсо, эми такыр эле ибадатка берилип кетти». 📕 “Раудатуль мухиббин”, 340


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


Эч качан өзүңүздү жаман көрбөңүз, анткени Субхан Аллаху Таала ар бир инсанды эң мыкты келбетте жаратат."Ар бир адамдын сулуулугу бар"- деген да ошол себептендир


Бакытымды кармай албай баратам
Бир байкушка айландымго карасан
Бийик-бийик учар элем канатсыз
Бир ооз гана жакшы созго жарасан…❤️‍🩹


Бүᴦүн “Бᴇйиɯ - ϶нᴇнин ᴛᴀʍᴀнындᴀ” дᴇᴦᴇн ᴋинᴏну ᴋөᴩүᴨ ᴋᴇᴧдиʍ.Бᴀɯᴛᴀᴧыɯындᴀ ᴀдᴀʍдᴀᴩᴦᴀ ᴏᴩун жᴇᴛᴨᴇй, ϶ᴩᴋᴇᴋ бᴀᴧдᴀᴩ өɜ ᴏᴩдун ᴀᴨᴀᴧᴀᴩыбыɜᴦᴀ, ϶жᴇᴧᴇᴩибиɜᴦᴇ бᴏɯᴏᴛуᴨ бᴇᴩиɯᴛи(биᴩᴏᴋ бᴀᴀᴩынᴀ ᴏᴩун жᴇᴛᴨᴇй ᴋᴏйду)❤️‍🩹(ᴀᴧᴀᴩᴦᴀ биɜ ᴋөᴩүᴨ бүᴛᴋөндөн ᴋийин ϶ᴋинчи ᴄᴇᴀнᴄ ᴋыᴧыᴨ ᴋᴏюᴨ бᴇᴩиɯᴛи).Кинᴏну ᴋөᴩүᴨ жᴀᴛыᴨ Кыᴩᴦыɜᴄᴛᴀныʍды ᴀябᴀй ᴄᴀᴦынᴦᴀныʍды ᴄᴇɜдиʍ🥹🤍(жүᴩөᴋ бᴀɯᴋᴀчᴀ ᴄᴏᴦуᴨ бᴀɯᴛᴀᴄᴀ бᴏᴧᴏбу).Аɜыᴩᴋы ɜᴀʍᴀндᴀ бᴏᴧуᴨ жᴀᴛᴋᴀн ᴦᴧᴏбᴀᴧдуу
ʍᴀᴄᴇᴧᴇᴧᴇᴩ: бᴀᴧдᴀᴩды ᴛᴀɯᴛᴀᴨ жᴇ ᴀᴧыᴄᴛᴀ иɯ дᴇᴨ, жүᴩᴦөн ᴀᴛᴀ-϶нᴇᴧᴇᴩ,өᴧᴋөᴄү ᴄᴏᴦуɯ ᴋуᴩчᴀᴨ жᴀбыᴩᴋᴀᴨ ᴛуᴩᴦᴀн ᴋᴀᴩᴀᴨᴀйыʍ ϶ᴧ,ᴀᴨᴀ ʍᴇнᴇн бᴀᴧᴀнын ᴏᴩᴛᴏᴄундᴀᴦы чᴇᴋᴄиɜ ᴄүйүү, дин жᴀнᴀ ᴀнын ᴋᴇᴩᴇʍᴇᴛᴛᴇᴩин дᴀңᴀɜᴀᴧᴀᴦᴀн ᴛᴀᴄʍᴀ бᴏᴧуᴨᴛуᴩ!Кинᴏну бᴀᴩыᴨ ᴋөᴩүᴨ ᴋᴇᴧᴦиᴧᴇ, ᴄунуɯᴛᴀйʍ.✨


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Апаларыбыз Аман болсун аминь Деп жаза кетиниз ыймандуум




КЫЗГА 4️⃣0️⃣ ТЫЙЫМ🌸🌸🌸📌🌸🌸🌸

1.Ата-энеге каяша айтпайт.
2.Ата-энесине нааразы болбойт.
3.Көчөдө көп жүрбөйт.
4.Көп уктабайт.
5.Көп жебейт.
6.Чоң арыктан аттабайт.
7.Денесин ачып жүрбөйт.
8.Жылаң баш жүрбөйт.
9.Чачын кыркпайт жана чачына чач улабайт.
10.Кечкисин үйдөн чыкпайт.
11.Бойго жеткенде жалгыз жүрбөйт.
12. Ата-энесинин уруксатысыз күйөөгө чыкпайт.
13.Каткырып күлбөйт.
14.Эркектерге жанашпайт.
15.Эркектердин көңүлүн буруп катуу сүйлөбөйт.
16.Чалкалап жатпайт.
17.Бутун бутуна алмаштырып отурбайт.
18. Көчөгө жыпар-жыттуу болуп чыкпайт.
19.Сулуулугун эркектерге көрсөтпөйт.
20.Көмкөрөсүнөн жатпайт.
21.Эркекке озунуп:"Сүйөм" деп айтпайт.
22.Ата-энеси "Күйөөгө чык", десе кайтарбайт.
23.Ушак сүйлөбөйт.
24.Бирөөлөрдүн сөзүн тыңшабайт, уккан сөзүн эч кимге айтпайт.
25 Күйөөгө чыккыча жигит менен жүрбөйт.
26.Жалган сүйлөбөйт.
27.Кыянаттык кылбайт.
28.Уруксатсыз бирөөнүн бир нерсесин албайт.
29.Бир туугандары менен мамилени үзбөйт.
30.Моданы ээрчип кийинбейт.
31.Менменсинип бой көтөрбөйт.
32. Бирөөлөр менен болор болбос нерсени талашып-тартышпайт.
33.Кек сактап, өч албайт.
34.Кийим алууда:"Мобуну кийем" деп доолуланбайт.
35.Тамеки чекпейт, арак ичпейт.
36.Эркектерге кылыктанып сүйлөбөйт.
37.Жүргөн жеринде жаман айттырбайт.
38.Эркектерге башчы болбойт.
39.Абийирин сатпайт.
40.Күйөөгө чыкканда күйөөсүнүн уруксатысыз ата-энесинин үйүнө барбайт.

📗 "ЖАКШЫ КЫЗГА ЖАН АЗЫК" аттуу китептен алынды.


Көз сүрөттү гана көрөт,
А жүрөк акыйкатты...


Репост из: الحمد لله
قلوب المتحدة من خلال الإيمان بالله الحب بطريقة مختلفة..

Аллах Таалага ишенүү аркылуу бириккен жүрөктөр башкача сүйүшөт..🫀


Репост из: الحمد لله
-Илим ал.
-Илим үйрөт.

Анткени илим алганда, үйрөткөн да утушта)
(Сообу бул дүйнөдө элге пайдалуу болосуң, акыретте болсо өзүңө пайдалуу болот)

Илимди тандап ал, тандабасаң бир күн талкалайт сени. ( Акырет күнү)

(Пайдасыз илим тууралуу айтып жатам)


Репост из: الحمد لله
"Алла силердин өң-түс, дене түзүлүшүңөргө маани бербейт, ал силердин жүрөгүңөргө карайт"

Муслим


Репост из: الحمد لله
Эн кооз жалган суйлом:
«ыйлабадым, козумо бирдеме кирип кетти..»☺️


Репост из: الحمد لله
Баардык нерсе көрүнгөнүндөй эмес, чечим чыгарарда шашылбаңыз...


Репост из: الحمد لله
“Эптеп-септеп” сөзүн пайдаланган адамдын өмүрү эптеп-септеп өтүп кетет...


Репост из: الحمد لله
Амалдарынан сурасаң, жүрөктөрүнүн тазалыгы жөнүндө сүйлөп башташат...


Репост из: الحمد لله
Сенин ким экениңди, кимдердин жанында жүргөнүң көрсөтөт...


Репост из: @MPiarBot
Кайсыл тил сизге жагат 🫀

Показано 20 последних публикаций.

721

подписчиков
Статистика канала