Эртең мененки уйку жана ырыскы
Суроо: «Таңерте эрте туруу жакшылыкка, берекеге себеп болот.» «Акча табуу малды көбөйтөт. Бирок, ырыскыны көбөйтпөйт» - делген. Бул тууралуу түшүндүрмө бере аласызбы?
ЖООП
Эрте турган кишинин насиби мол болот дешет. Белгилүү табышы бар киши дагы эрте турса насиби мол болот. Табышынын өзү эмес берекеси көбөйөт. Береке – бул аз нерседен көп пайдалануу. Аз тамак көп кишиге жеткен болсо берекелүү болгон болот. Көп тапса дагы табышын жеткире албаган адам берекесиздигинен улам карызга кирет. Таңда эрте туруу жакшылыкка берекеге себеп болот. Хадиси шарифтерде мындай деп буюрулган:
«Йа, Рабби, ишине эрте баргандын эмгегин берекелүү кыл.»
«Таңкы намазын окугандан кийин уктабагыла, ырыскыңарды издегенге аракет кылгыла!»
«Хак таала ырыскыларды фажр менен күн туула турчу убакыттар арасында берет.»
«Таңкы уйку ырыскыга кедерги.»
Ырыскыларды таралуусу таңкы намаздан кийин болот. Руханий ырыскылардын таралуусу болсо асыр намазынан кийин. Бул эки убакытта уктабоого аракет кылуу керек!
Зарылдык болмоюн асырдан кийин жана таңкы намаздан ишрак убактысына чейин уктоону адатка айлантпоо керек, айрыкча шамдан куптан намазына чейин уктабоо керек! Көп уктоо зыяндуу. Көп жеп-ичкен адам каалабаса да көп уктайт. Аз ичип-жеп, аз уктоо керек. Хадиси шарифтерде:
«Көп уктоо адамды акыретте кедей кылат.»
«Көп жеп-искенди жана көп уктаганды Аллаху таала сүйбөйт.»
«Көп уктоо жалкоолук жана ишенимде зайыптык.»
«Тамактан кийин дароо уктагандын жүрөгү катуулашат.»
«Ырыскы үчүн иштөөгө эрте кеткен адамдын иши берекелүү болот жана ийгилик табат.»
«Таңкы уйку алсыздык, жалкоолук, бошоңдук жана унутчаактык пайда кылат.»
«Таңкы намаздан кийин күн чыкканга чейин уктабагыла!»
«Таңда уктоону адатка айланткан адам каптал жана бел ооруларына дуушар болот.»
«Кайлула уйкусу пайдалуу. Шамга жакын уктоо акмактык.»
«Күндүздүн башында уктоо акылды азайтат, ортосунда уктоо [кайлула] анбия жана олуянын көркөм мүнөздөрүнөн. Күндүздүн соңунда уктоо жалкоолук.»
Даанышман заттар: «Уйкуга берилген адам муратына жете албайт», - деп буюрган. Жалпысынан көп уктоо көп жеп-ичүүдөн улам болот. Хадиси шарифте: «Аллаху таала көп жеп-ичкенге жана көп уктаганга ачууланат», - деп буюрулду.
Халал ырыскыга жетүүнү каалаган адам себептерине жармашуусу керек! Акча табуу малды көбөйтөт. Бирок, ырыскыны көбөйтпөйт. Ырыскы тагдырга буюрулган. Башкача айтканда, эзелде бөлүнгөн. Ырыскы айлыкка, малга, эмгектенүүгө байланыштуу эмес. Бирок, Аллах буйрук кылгандыгы үчүн эмгектенүү керек. Себеби, Аллаху тааланын иштери себептердин артынан чыгат. Илахи адат мына ушундай. Бирок, кээде себептерге жабышса да иш ишке ашпоосу мүмкүн. Же себепсиз дагы ишке ашышы мүмкүн. Бул тууралуу хадиси шарифтердин кээ бирлери мындай:
«Ырыскысынын мол болуусун каалаган адам сыла-и рахм кылсын!» (Туугандарын зыярат кылсын, ал-ахыбалын кабар алсын.)
«Садага берүүнү уланткан адамдын ырыскысы көбөйөт!»
«Истигфарды уланткан адам күтпөгөн жерден ырыскы табат.»
«Намаз окуу ырыскынын берекесине себеп болот.»
«Жубайы менен [жакшы мамиледе болуп] тамашалашкандын ырыскысы көбөйөт.»
Кээ бир нерселер кедейликке жол ачып, ырыскынын кыйынчылык менен келүүсүнө себеп болот. Мисалы, тырмагы узун болгондун ырыскысы машакат менен, кыйынчылык менен келет. Бул тууралуу хадиси шарифтердин кээ бирлери мына булар:
«Күнөө кылуу ырыскыдан куру калууга себеп болот.»
«Жалган сүйлөө ырыскыны азайтат.»
«Зина кедейликке жол ачат.»
«Ырыскыга жеткен адам көп хамд кылсын!»
Хамд кылуу сабыр кылуу дегенди билдирет. Шүгүр кылынганда немат кемибейт, көбөйөт. Аллаху таала Хазрети Мусага: «Өзүнө берген нематты менден деп билип, өзүнөн деп билбеген адам нематтардын шүгүрүн өтөгөн болот. Ырыскысын өз эмгегинен деп билип, менден деп билбеген адам нематтын шүгүрүн өтөбөгөн болот», - деп буюрду.
Жооруган кол
Эч кимге муктаж болбоо үчүн эмгектенүү өтө баалуу. Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Муаз менен мусафаха кылганда (кол алышканда) мындай деди: