«Азаттык» радиосу


Kanal geosi va tili: Butun dunyo, Ruscha


«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
Butun dunyo, Ruscha
Statistika
Postlar filtri


❗️Азербайжандын президенти учак Орусиянын аймагында аткыланганын билдирди

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 25-декабрда Казакстанда кулап түшкөн "Азербайжан аба жолдору” компаниясына караштуу Embraer 190 учагы Орусиянын аймагында аткылоого дуушар болгонун билдирди. Бул тууралуу ал AzTV мамлекеттик телеканалына курган маегинде айтты.

Ал кошумчалагандай, учак Грозный шаарына жакын жерден тыштан соккуга дуушар болуп, дээрлик башкарууну жоготуп койгон.

"Биздин учак радиоэлектрондук күрөшкө багытталган каражаттар менен иштен чыгарылганын билебиз",

-деген Алиев.

Азербайжандын президенти учактын кулашынын себебинин соңку версиясы "кара жащиктер" чечмеленгенден кийин анык болорун белгиледи. Анын сөзүнө караганда, учактын арткы бөлүгүнүн тешилип калышы "куштарга урунган" деген версияны жокко чыгарды.

Алиев учак атайылап аткыланбаганына ишенерин билдирди.

"Орусиянын расмий структуралары кайдагы бир газ баллондун жарылышы тууралуу версияларды айтып жатканы бизди капа кылып, бир чети таң калтырды",-

деди президент.

@azattyk_radiosu


‼️Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстандан чыгып кеткенин ырастады

Укук коргоочу, "Кылым шамы" уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткенин "Азаттыкка" ырастады. Ал муну коопсуздугу менен байланыштырды. Кол телефонуна чалып, социалдык тармактар аркылуу мазактап, коркуткан адамдар пайда болгонун билдирди:

"Мен мекенимден чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун. Оорукчан абышкам, төрт жашар неберем менин кароомдо эле. Бирок мындай түрдүү чагымчыл чалуу, коркутуулардан соң, аргасыз кетүүгө туура келди. Анткени мен буга чейин эки жолу инсульт алгам, камалып калууга даяр эмесмин. Президенттин курултайда айтканын кайталап уктум, бир катар медиаларга биздин уюмду кошо айтып, "курултайга чакырылган" дегенине таң калдык. Бир сыйра телефон, почта, электрондук почталарыбызды текшердик. Эч кандай чакыруу келбептир".


67 жаштагы Азиза Абдирасулова 2000-жылдардан бери укук коргоочу болуп иштеп келет. 2003-жылы "Кылым шамы" бейөкмөт уюмун түптөп, абактагы адамдардын, аскердеги жоокерлердин укуктарын, катардагы карапайым адамдардын укуктарын коргоп жүрдү.

@azattyk_radiosu

652 0 0 12 16

Грузия: Шайлоочулар коллегиясы президенттикке тандаган Михаил Кавелашвили ант берди

Грузиянын парламентинде оппозиция жана азыркы президент Саломе Зурабишвили легитимдүү эмес деп эсептеген Михаил Кавелашвилинин ант берүү аземи өттү. 29-декабрдагы ант берүү иш-чарасы жарым саатка созулду.

14-декабрда Грузияда шайлоочулар коллегиясы президенттикке мурдагы футболчу, 53 жаштагы Михаил Кавелашвилини тандаган. Оппозиция жана азыркы президент Саломе Зурабишвили бул шайлоону тааныган эмес.

Жекшембиде Зурабишвили президенттик резиденциянын алдына топтолгондордун алдына чыгып сөз сүйлөп, Кавелашвилинин инаугурациясын "пародия" деп атады. (Сүрөт: Reuters)

@azattyk_radiosu


Путин "русофобияны" жектеген жаңы стратегияны бекитти

Орусиянын президенти Владимир Путин "Экстремизмге каршы стратегия" тууралуу жарлыкка кол койду. Документ укуктук маалыматтардын расмий сайтына жарыяланды.

"Свобода" радиосу билдиргендей, жаңыланган стратегияда русофобия түшүнүгү алгачкы жолу киргизилген. Русофобия - "Орусиянын жарандарына, орус тилине жана маданиятына кастык, бир тараптуу, душмандык мамиле" деп түшүндүрүлгөн. Ошондой эле Орусияга дос эмес өлкөлөрдүн бийликтери тарабынан дискриминациялык аракеттер да русофобия деп саналат.

Стратегияда экстремизм айрым мамлекеттер тарабынан гибриддик согуштар жана башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүү үчүн колдонулуп жатканы белгиленген. Андагы экстремизмдин булактарынын арасында, "Орусияга коркунуч туудурган “радикалдуу неонацисттик түзүлүштөр” колдоого алынат" деген негизде Украина да аталган.

@azattyk_radiosu


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish


‼️Түштүк Кореяда жүргүнчү учагынын кыйроосунан кеминде 62 адам набыт болду

Түштүк Кореяга Таиланддан учуп келе жаткан учакта 175 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгону кабарланууда. Баштапкы маалыматтарга ылайык, кыйроонун натыйжасында кеминде 62 адам набыт болду, каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымалдыгы айтылып жатат. Окуя 29-декабрда, саат 9:07 чамасында болгон.

Башында 28 адам каза болгону кабарланса, бир нече сааттан кийин набыт болгондордун саны 62ге жетти. Түштүк Кореянын "Ренхап" агенттиги 28 адамдын сөөгү учактын куйрук тарабынан табылганын маалымдады.

Агенттиктин маалыматына караганда, Jeju Air аба компаниясына таандык жүргүнчү учагы Бангкокдон учуп чыккан. Сеулдан 288 чакырым аралыктагы Муан аэропортуна конордо конуу тилкесинен чыгып кетип, кашаага урунган.

@azattyk_radiosu


‼️Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын балдары мектепке кабыл алынбайт

Орусиянын президенти Владимир Путин мыйзамсыз мигранттардын балдарын мектепке жана бала бакчага кабыл алууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Мыйзам мигранттардын балдары орус тилин начар билсе да, мектепке алууга тыюу салат - тестирлөө мектепке кабыл алууда милдеттүү түрдө киргизилет.

Мындай чектөөлөр мамлекеттик жана муниципалдык мектеп, бала бакчаларга, коррекциялык жана майыптыгы бар балдар үчүн атайын мектептерге, кесиптик-техникалык окуу жайларга, ийримдерге жана секцияларга киргизилет.

@azattyk_radiosu


Путин Актауда учактын кыйрашына байланыштуу Алиевден кечирим сурады

Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевден Актауда кыйраган учак үчүн кечирим сураганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Эки президенттин телефон аркылуу сүйлөшүүсү Орусиянын сунушу менен болгону орус президентинин расмий сайтына 28-декабрдын кечинде жарыяланды.

Маалыматта Путин "Орусиянын аба мейкиндигиндеги кайгылуу окуя үчүн кечирим сурап, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтканы, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалаганы" жазылган.

Путин Орусиянын абадан коргонуу системасы украиналык дрондордун чабуулунун мизин кайтарганын белгилеген, бирок учакты ракета атып түшүргөнүн так айткан эмес.


"Сүйлөшүүдө Актауда учактын кулашына байланышкан маселелер кеңири талкууланды. Өз убактысы менен бараткан азербайжандык жүргүнчү учак Грозныйдын аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылган. Бул убакта Грозный, Моздок жана Владикавказга украин дрондору чабуул коюп жаткан, Орусиянын абадан коргонуу системасы бул соккулардын мизин кайтарган. Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш кодексинин 263-беренесинин (аба транспортунун кыймылы жана эксплуатацияда коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш ишин козгоду. Баштапкы тергөө аракети жүрүп, жарандык жана аскердик адистер суралып жатат", - деп жазылган маалыматта.


Азыр Азербайжандын Башкы прокуратурасынын эки кызматкери Грозныйда экени, Орусиянын Башкы прокуратурасы жана Тергөө комитетинин өкүлдөрү менен чогуу иштеп жатканы кошумчаланган.

Орусия, Азербайжан жана Казакстандын тиешелүү адистери Актау шаарындагы кырсык болгон жерде жүргөнү да айтылган. Толук окуңуз: ➡️ https://smarturl.click/vwMg5


Алагөзов Актауда учак кырсыгында жабыркаган кыргыз жараны тууралуу маалымат берди

25-декабрдагы Актауда болгон авиа кырсыкта жабыркаган кыргызстандык жаран Ринат Асановдун абалынын оордугунан улам, аны өлкөгө алып келүүгө мүмкүн эмес болууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагозов Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

"Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бирок анын учурдагы абалы оор, тагыраак айтканда учакта алып келүү кооптуу. Дарыгерлер уруксат берсе эле жараныбызды учак менен алып келишет. Ошондуктан азырынча жергиликтүү ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланууда",

- деп жазды ал.

Алагөзов дагы эки кыргызстандык жарандын абалы канааттандырарлык жана дүйшөмбү күнү ооруканадан чыгарыла турганын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин маалыматына таянып билдирди. Министр бул тууралуу президент Садыр Жапаровго маалымдаган. Толук окуңуз: ➡️ https://smarturl.click/4kWAm


Адвокат абактагы Султанбеков менен жолугушууга уруксат берилбегенин билдирди


28-декабрда №1 тергөө абагында жаткан Темирлан Султанбековго адвокаты менен жолугушуусуна уруксат берилген жок. Бул тууралуу адвокат Улан Сейитбековдун билдирүүсү Бишкек шаар кеңешинин мурдагы депутаты Кадыр Атамбаевдин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Сейитбеков видеодо жолугушууга Бишкектеги №21 тергөө абагынын жетекчилигинин буйругу менен уруксат берилбегенин айткан.


"№21 тергөө абагынын жетекчилиги бул буйругу менен анда кармалып турган жарандардын адвокаттары менен жолугушуусуна жана юридикалык жардам алуу укугун бузат. Тергөө абагынын иш графигинин өзгөртүлүшү да Кылмыш-процессуалдык кодексинин 17-беренесине туура келбейт. Ага ылайык, камалгандар адвокаты менен дем алыш күндөрү да жолугууга толук укуктуу",

- деди адвокат.

Жаза аткаруу кызматы мындай маалыматка комментарий бере элек.

Бишкек шаарындагы №21 мекемеде (№1 тергөө абагы) 21-декабрдан тарта айыпталуучулардын жана соттолгондордун жактоочулары менен жолугуу жадыбалы өзгөртүлүп, ага ылайык ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күнү болуп эсептелине баштаганы кабарланган.

Акыйкатчы институту бул Жазык-процесстик кодексинин 46-беренесин бузарын эскерткен. Ага ылайык, айыпталуучу өз жактоочусу менен жекеме-жеке жана чектөөсүз убакытта эркин баарлашууга укуктуу. Толук окуңуз: https://www.azattyk.org/a/33255855.html


Azerbaijan Airlines: Казакстандагы аба кырсыгына “сырттан кийлигишүү” себеп болгон

Казакстандын Актау аймагында учагы кыйраган Azerbaijan Airlines компаниясы учактын кыйроосуна “сырттан физикалык жана техникалык кийлигишүү” баштапкы себеп болгонун билдирди.

Компания Орусиянын 10 шаарына каттамдарын токтоткону да кабарланган. Ага ылайык, Минеральные Воды, Сочи, Волгоград, Уфа, Самара, Грозный, Махачкала, Саратов, Нижний Новгород жана Владикавказга каттамдар чектелди. Мындай чечимге 25-декабрда Embraer 190 жүргүнчү ташуучу учагынын кулашынын себебин иликтөөнүн жыйынтыгын күтүү жана “учуулардын ыктымал тобокелдиги” себеп болгону айтылды.

Ал арада Орусиянын Жарандык авиация агенттигинин (Росавиация) жетекчиси Azerbaijan Airlines компаниясынын учагы конууга аракеттенген маалда украиналык дрондор Грозныйга чабуул коюп жатканын жума күнү билдирди. Ушундан улам Грозныйдын аэропорту учууларга жана конууларга жабылып, башка учактарга коопсуз жакка кетүү сунушталганын айтты. Толук окуңуз: ➡️ https://www.azattyk.org/a/33255822.html


“Азаттык+” 20 жыл жаштарды сүрөдү

Быйыл “Азаттык+” программасы 20 жашка толду. Бул жылдар аралыгында программа жаштарды түйшөлткөн маселерди талкуулап, жаңы тренддерди, тенденцияларды чагылдырган. “Азаттык+” дагы деле актуалдуубу? 20 жыл аралыгында жаштар берүүсү кандай жолду басып өттү? Бүгүнкү чыгарылышта “Азаттык+” дүйнөсүнө баш багалы. https://youtu.be/YVOrEj1MEos


Жаңылыктар | 27.12.2024 | Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды

- Наркы 4 миллиард 665 миллион доллар болгон Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталды. Кыргыз бийлиги бул долбоор ишке ашса экономикага жаңы дем берерин кайталап келет.

- Украинанын армиясы туткунга алган түндүк кореялык аскер каза тапты. Буга чейин украин бийлиги Курск облусунда согушуп жаткан түндүк кореялыктардын жоготуулары үч миңден ашканын билдирген.

- Казакстанда Январь окуяларында Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандарын кыйнаган деп шектелген полиция кызматкерлерин үч жылга кесүү суралды. Сот жараяны быйыл 16-сентябрда башталган. https://www.youtube.com/watch?v=_IhWnARCBdc


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берилди

27-декабрда Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өттү.

Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа мамлекеттик комитетинин төрагасы Жень Шанзе Кытай лидери Си Цзинпиндин долбоордун старт берилишине байланыштуу кайрылуусун окуп, бул Бээжин үчүн маанилүү экендигине токтолду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кайрылуусун бул өлкөнүн премьер-министринин орун басары Жамшит Ходжаев окуп, үч өлкө бул күнгө 30 жыл умтулганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров долбоор үчүн коңшу эки өлкөнүн лидерлерине ыраазычылык билдирип, бул Кытай менен Европаны бириктирген темир жол болоорун жана Борбор Азия мамлекеттерин өнүктүрүүгө салым кошорун билдирди.

Мындан соң Садыр Жапаров жана эки өлкөнүн өкүлдөрү курулуш үчүн коюлган атайын ташты чогуу ачып, долбоорго символикалуу түрдө старт беришти.

“Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун курулушу утур-утур жылып келаткан. Садыр Жапаров быйыл июль айында үч өлкөнүн темир жолунун курулушу августта башталарын билдирген.
https://www.azattyk.org/a/33254602.html


Казакстандагы аба кырсыгы боюнча божомолдор: Учак атып түшүрүлгөнбү?

67 киши бараткан жүргүнчү учак 25-декабрда түш ченде Казакстандын аймагында кулап түшөрү менен Орусиянын бийлиги жана мамлекеттик маалымат каражаттары кырсыктын бир катар себептерин айтып жиберүүгө үлгүрүштү. Алардын арасында катуу туман, куштардын тобунун учакка урунушу сыяктуу варианттар бар эле. Ал эми учак кулаганга чейинки кадрлар пайда боло баштаганда салондо кычкылтек баллону жарылган болушу мүмкүн деген жоромол чыкты.

Анткен менен бир катар далилдер Бакудан Грозныйга бараткан учак Чеченстанда абадан коргонуу системасынын ракетасы менен аткыланган болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Толук окуңуз: ➡️ https://smarturl.click/W3M5A


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган учактан аман калган Тилек Осмоновго "Азаттыкка" учак жерге кулап түшкөнгө чейин борттун ичиндеги абал, андан кандай чыкканын, азыр абалы кандай экенин айтып берди.

Кечээ, 25-декабрда 29 киши ооруканага түшкөн, алардын үчөө кыргыз, тогузу орус, 16сы азери жараны. Ооруканага жаткырылгандардын 11и жандандыруу, 13 киши травматология бөлүмүнө жаткан.


Жаңылыктар | 26.12.2024 | Казакстанда 38 адамдын өмүрүн алган учак эмнеден кыйрады?

- Казакстанда учак кырсыгынан аман калган үч кыргыз жараны ооруканада дарыланууда. Бул арада Азербайжандын учагынын кыйрашы боюнча ар кандай версиялар айтыла баштады.
- Блогер Батма Жолболдуева Баткенде милициянын убактылуу кармоочу жайында зордук-зомбулук көргөнүн айтып, милиция аны териштире баштады. Ички иштер министрлиги муну “блогер коомдун көңүлүн бурдургусу келип жатат” деп баалады.
- Жогорку Кеңеш үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Кыргыз бийлиги сунуштаган документ талаш-тартыш менен коштолду. https://www.youtube.com/watch?v=x6yKg-gXLPg


Омскиде полиция 570 мигранттын документтерин текшерди

Орусиянын Омск облусунда полиция рейд жүргүзүп, 570 мигранттын документтерин текшерди. Бул тууралуу орус Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, үчөө өлкөдөн чыгарыларын кошумчалады.

Маалыматка караганда, рейд учурунда миграциялык мыйзам бузулган 88 учур катталды. Административдик мыйзам бузуу деп Орусияга кирүү же жашоо режимин сактабоо, каттоого турганда туура эмес маалымат берүү, мыйзамсыз иштөө саналат.

Мындан тышкары мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, чет элдиктерди жасалма каттоого тургузуу үчүн 12 кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

@azattyk_radiosu


Байден Пентагонго Украинага курал-жарак жеткирүүнү тездетүүнү тапшырды

АКШ президенти Жо Байден шаршембиде Коргоо министрлигине Украинага курал-жарак жеткирүүнү тездетилген шартта улантууну тапшырды.

Мындай билдирүү орус күчтөрү Украинанын энергетикалык системасын жапырт аткылай баштагандан кийин жарыяланды. Бул тууралуу “Америка авазы” басылмасы жазып чыкты.

“Рождествонун башталганда Орусия ракета жана дрондор менен Украинанын шаарларын жана өтө маанилүү энергетикалык объектилерге сокку урган. Мындай чектен ашкан чабуулдун максаты – украин элин кышында жарыксыз жана жылуулуксуз калтыруу, энергетикалык коопсуздукту коркунучка кептөө”,

- деп айтылат Байдендин Ак үй тараткан билдирүүсүндө.

@azattyk_radiosu


Video oldindan ko‘rish uchun mavjud emas
Telegram'da ko‘rish
"БИШКЕКТЕ
МУРДАГЫДАЙ ЫШ ЖОК"


24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. IQAIR сайтындагы көрсөткүч боюнча шаардын борбордук бөлүгү 458 индексти көрсөтсө, калаанын башка аймактары 600-760 индекске чейин жеткен. Аталган сайт бул абалды адам өмүрүнө өтө коркунучтуу деген баа берген.

Ыш маселеси бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Анда бул көйгөй былтыр да талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алганы менен жылыш болбой жатканы айтылды. Кененирээк: https://smarturl.click/67Eze

20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.