Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берилди
27-декабрда Жалал-Абад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Кытай менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо аземи өттү.
Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа мамлекеттик комитетинин төрагасы Жень Шанзе Кытай лидери Си Цзинпиндин долбоордун старт берилишине байланыштуу кайрылуусун окуп, бул Бээжин үчүн маанилүү экендигине токтолду. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кайрылуусун бул өлкөнүн премьер-министринин орун басары Жамшит Ходжаев окуп, үч өлкө бул күнгө 30 жыл умтулганын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров долбоор үчүн коңшу эки өлкөнүн лидерлерине ыраазычылык билдирип, бул Кытай менен Европаны бириктирген темир жол болоорун жана Борбор Азия мамлекеттерин өнүктүрүүгө салым кошорун билдирди.
Мындан соң Садыр Жапаров жана эки өлкөнүн өкүлдөрү курулуш үчүн коюлган атайын ташты чогуу ачып, долбоорго символикалуу түрдө старт беришти.
“Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун курулушу утур-утур жылып келаткан. Садыр Жапаров быйыл июль айында үч өлкөнүн темир жолунун курулушу августта башталарын билдирген.
https://www.azattyk.org/a/33254602.html