و القلم


Kanal geosi va tili: ko‘rsatilmagan, ko‘rsatilmagan
Toifa: ko‘rsatilmagan



Kanal geosi va tili
ko‘rsatilmagan, ko‘rsatilmagan
Toifa
ko‘rsatilmagan
Statistika
Postlar filtri


Манас теологиясында эмне бар?
🔹 Күчтүү устаздар
Башкадагы илимди тааный алышың үчүн, илим деген түшүнүк өзүңдө болуш керек экен.

Сабак учурунда студент хожабызга суроо узатты:
“Адеп башаты менен Нуржулардын айырмасы эмне?”-деп.
“Мурун бир эле жамаат болушкан”- деп кыскача жооп берди да дароо темасын улантты. Студент кайра тактап, суроого толук жооп талап кылды. Хожабыз кыскача: “Ишикылып ошондой”- деп теманы улантты.
Бир канча убакыттан кийин ал студент менен сүйлөшүп калдык. Эң кызыгы жанагы хожабызды жакшы деле эч нерсе билбейт экен деген ойлору менен бөлүштү.
Кызык ал студент азыр хожабыз ал үчүн, анын деңгээлинин жетпегени үчүн жооп бербегенин түшүндү бекен.
Илимдүү устаз эмес, илимдүү устазды тааный алган студент аз.

•Өз оюн таңуулабаган устаздар
Үйрөтүп, тандоону өзүңө таштаган кандай сонун.

• Жаттатып эмес, ойлонтуп үйрөткөн устаздар
Студенттин өз эркинде үйрөнгөнүн жаттап алары же унутуп салары.


•Стандарт ой жүгүртүүдөн чыккан устаздар
Бул жагын ким кандай кабыл алат болду экен


P.S

Келгенден бери бул жактагы агайларга суктанып бүтө албай жатам:)


Манас теологиясы мен күткөндөй эмес экен❗️

Барыбыз эле тапшырардын алдын факультет жөнүндө маалымат алсак керек.

Манас университетинин теология факультети боюнча (мен сураган) сырттагы адамдардан алган маалыматым👇🏻
1) Теологдорунун көбүндө такыбачылык жок
2) Түрктөрдүн идеологиясын үйрөтүшөт
3) Классикалык китептер окутулбайт
4) Муржия болуп кетишкен

Манас университетинин теология факультетинин студенттеринен алган маалыматым👇🏻
1) Арап тили жакшы окутулбайт
2) Ислам университети күчтүү
3) Көп темаларды окутушпайт
4) Манаста илим жок
5) Манавият жок

Эки жак тең бир ооздон кайталап айткан сөз:
“Илим алам десең, Ислам университетине эле бар”.


Менин күтүүлөрүм ушундай болуп калган:)


Шайтандын эки эшиги бар
1)Шахват (өтө каалоо)
2) Шубухат (күмөн)

Күмөндүн даарысы ИЛИМ
Каалонун даарысы САБЫР


🔹Инсандын муктаждыктары

1)Физиологиялык муктаждык (тамак, суу, уйку)

2)Саламаттыка муктаждык
(Үй, коопсуздук, комфорт)

3) Социалдык муктаждык (адамдар, сүйүү)

4)Коом тарабынан моюндалуу (признание) ( адамдардын урмат сыйы)

5) Эстетикалык муктаждык (сулуулук, гармония, кубаныч)

6) Руханий муктаждык (самоактуализация)


Эмне үчүн студент муктаж болбош керек⁉️

▪️
Өтмүшкө назар салсак чоң ачылыштар жана инновациялар муктаждыктан улам (согуш маалында хирургияга байланыштуу ачылыштар) же болбосо тынчтык сүрүп жаткан учурда (искусство, адабият, илимге байланыштуу ачылыштар) ишке ашканын көрө алабыз.

Ислам тарыхына көз жүгүртсөк табийиндер доорунда Ислам территориясы кеңейип, бакубат жашоодо жашаганын көрө алабыз. Бул доор аларга илимде бир топ алдыга жылууларына мүмкүндүк берди.
Азыр окуп жүргөн илимдерибиз (тасаввуф, келам ж.б) жана кызыктуу суроолорубуз (Аллах каякта? Аллахтын колу дегенди кандай түшүнөбүз ж.б) мына ушул табийиндер доорунда ортого чыккан.

▪️Негизинен инсан чоң-чоң идеяларды жарата алуусу үчүн, маштабдуу ойлоно алуусу үчүн, анализ жүргүзө алуусу үчүн анын муктаждыктары толук камсыздалуусу керек.


Илим ырыскы десе ооба деп коё берет экенсиң👤
Анан эле студенттер бир сабактан, бир устаздан, бир эле убакта ар башка көлөмдөгү илим менен чыкканда түшүнөт турбайсыңбы.

6 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.