Машинени милдеттүү камсыздандыруу: Айып салуу жарым жылга жылдырылды
Автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин албаган айдоочуларга айып пул салуу 2025-жылдын 1-июлуна жылдырылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-декабрда кол койгонун Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров Жогорку Кеңеште өлкөдө катталган автоунаалардын 10 пайыздайы гана милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алганын, калганына да аны алууга убакыт берүү зарылчылыгын айткан.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 1 млн 600 миң автоунаа каттоодон өткөн болсо, алардын 108,6 миңи гана камсыздандырылган. Булардын ичинен 43,5 миң автоунаа чет өлкөлүк.
@azattyk_radiosu