Kyrgyz Football Union


Kanal geosi va tili: ko‘rsatilmagan, Ruscha


Кыргыз футбол биримдигинин расмий телеграм-каналы 🇰🇬

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
ko‘rsatilmagan, Ruscha
Statistika
Postlar filtri


U-20 АЗИЯ КУБОГУ: КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ БЕТТЕШИ 5:2 ЭСЕБИНДЕ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Бүгүн, 15-февралда Кыргызстандын футбол боюнча U-20 жаштар курамасы Азия кубогунун тайпалык баскычынын алкагында Кытай курамасы менен беттеш өткөрүп, оюн 5:2 эсебинде жыйынтыкталды. Алгачкы голду 25-мүнөттө Умар Мадаминов киргизди, ал эми 2-бөлүктө Ырыскелди Маданов алып келди.

Азия кубогу ушул күндөрү Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүүдө. Буга чейин курама команда Австралия курамасы менен ойноп, 5:1 эсебинде жеңилген. Ал эми топтук баскычты 18-февралда Катардын жаштар курамасы менен болгон оюн менен жыйынтыктайт.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин финалдык баскычында жалпысынан 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын жаштар курамасы «А» тайпасында Кытай, Австралия жана Катар курамалары менен плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшүүдө. Регламентке ылайык, ар бир топтун мыкты эки команда плей-офф баскычына өтөт, анда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар ойнотулат. Азия Кубогунун жарым финалына чыккан командалар U-20 жаштар арасындагы дүйнөлүк футбол чемпиондугуна жолдомо алышат. Бул чемпиондук 2025-жылдын сентябрь айында Чилиде өтөт.

Азия Кубогунун бетттештерин «Этномедиа» онлайн-кинотеатры жана УТРК Спорт телеканалы түз алып берүүдө. Ошондой эле, Asia Mall соода борборунда (3-кабат), күйөрмандар үчүн атайын ФАН-ЗОНА орун алууда.




КЫРГЫЗСТАНДЫН ФУТБОЛ БОЮНЧА ЖАШТАР КУРАМАСЫ БҮГҮН АЗИЯ КУБОГУНУН АЛКАГЫНДА КЫТАЙ КУРАМАСЫ МЕНЕН БЕТТЕШЕТ

Бүгүн, 15-февралда Кыргызстандын U-20 жаштар футбол курамасы, Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтүп жаткан Азия Кубогунун тайпалык баскычында Кытай курамасы менен ойнойт.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да өтөт.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин финалдык баскычында жалпысынан 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын жаштар курамасы «А» тайпасында Кытай, Австралия жана Катар курамалары менен плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшүүдө. Регламентке ылайык, ар бир топтун мыкты эки команда плей-офф баскычына өтөт, анда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар ойнотулат. Азия Кубогунун жарым финалына чыккан командалар U-20 жаштар арасындагы дүйнөлүк футбол чемпиондугуна жолдомо алышат. Бул чемпионат 2025-жылдын сентябрь айында Чилиде өтөт.

Азия Кубогунун бетттештерин «Этномедиа» онлайн-кинотеатры жана УТРК Спорт телеканалы түз алып берет. Ошондой эле, Asia Mall соода борборунда (3-кабат), күйөрмандар үчүн атайын ФАН-ЗОНА уюштрулат. Башталышы: 16:30.

Жаштар курамасын бирге колдойлу!
*****************
МОЛОДЁЖНАЯ СБОРНАЯ КЫРГЫЗСТАНА ПО ФУТБОЛУ СЕГОДНЯ СЫГРАЕТ СО СБОРНОЙ КИТАЯ В РАМКАХ КУБКА АЗИИ

Сегодня, 15 февраля, молодёжная сборная Кыргызстана (U-20) по футболу встретится со сборной Китая в рамках группового этапа Кубка Азии, который проходит в китайском городе Шэньчжэнь.

Матч состоится в 17:30 по бишкекскому времени.

Напомним, что в финальной стадии чемпионата Азии участвуют 16 команд, разделённых на четыре группы. Молодёжная сборная Кыргызстана выступает в группе «А», где борется за выход в плей-офф вместе с командами Китая, Австралии и Катара. Согласно регламенту, две лучшие команды из каждой группы выходят в стадию плей-офф, которая включает четвертьфиналы, полуфиналы и финал. Полуфиналисты Кубка Азии получат путёвки на молодёжный чемпионат мира U-20, который пройдёт в сентябре 2025 года в Чили.

Прямые трансляции матчей Кубка Азии доступны на онлайн-кинотеатре «Этномедиа» и телеканале УТРК Спорт. Также для болельщиков будет организована фан-зона в торговом центре Asia Mall (3-й этаж). Начало мероприятия в 16:30.

Поддержим нашу молодёжную сборную вместе!




КЫЗ-КЕЛИНДЕР КУРАМАСЫ НЕПАЛДА ӨТӨ ТУРГАН “ТӨРТ УЛУТТУН КУБОГУ” МЕЛДЕШИНЕ КАТЫШАТ

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курамасы, Непалдын Катманду шаарында өтө турган «Төрт улуттун кубогу» мелдешине катышат.
Мелдеш 15-февралдан 27-февралга чейин өтүп, анда Кыргызстан, Мьянма, Ливан жана Непалдын курамалары беттешет.

Регламент боюнча беттештер айлампа системасынын негизинде бир айлампада өтөт, ал эми биринчи жана экинчи орунду алган командалар кубок үчүн финалда кез келишет.
Мелдештин программасы:
17-февраль- Непал-Кыргызстан
20- февраль- Кыргызстан-Мьянма
23-февраль- Кыргызстан-Ливан

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер курамасы башкы машыктыруучу Нематжан Закировдун жетекчилиги алдында ойношот.
**********************
ЖЕНСКАЯ СБОРНАЯ КЫРГЫЗСТАНА ПРИМЕТ УЧАСТИЕ В «КУБКЕ ЧЕТЫРЕХ НАЦИЙ» В НЕПАЛЕ

Женская сборная Кыргызстана по футболу примет участие в турнире «Кубок четырех наций», который пройдет в Катманду, Непал.
Соревнования состоятся с 15 по 27 февраля, где сыграют команды Кыргызстана, Мьянмы, Ливана и Непала.

Согласно регламенту, матчи пройдут в один круг по круговой системе, а команды, занявшие первое и второе места, встретятся в финале за кубок.

Расписание матчей:
17 февраля – Непал – Кыргызстан
20 февраля – Кыргызстан – Мьянма
23 февраля– Кыргызстан – Ливан

Отметим, что женская сборная Кыргызстана на данном турнире участвует под руководством главного тренера Нематжана Закирова.




КФБ калыстар корпусунун келе жаткан футбол сезонуна болгон даярдыгы тууралуу Кыргыз Спорт ТВ каналынын репортажы 🎥

#kfu_kg


ЖАЛАЛ-АБАДДА КФБНЫН "D" СЕРТИФИКАТЫ БОЮНЧА МАШЫКТЫРУУЧУЛАР КУРСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

6-8-февраль күндөрү Жалал-Абад шаарында КФБнын "D" сертификаты боюнча машыктыруучулук курсу өтүп, ал балдар футболу боюнча жаңы адистерди даярдоого багытталды.

Бул окууга машыктыруучулук карьерасын баштоону каалаган 26 адам катышып, теориялык жана практикалык сабактарда жигердүүлүгүн көрсөтүштү.

Курстун башкы инструктору катары КФБнын өкүлү Березовский Валерий Юрьевич дайындалды. Ал жаштар жана чоңдор футболу боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар адис.

В ДЖАЛАЛ-АБАДЕ ПРОШЕЛ КУРСЫ ТРЕНЕРОВ НА СЕРТИФИКАТ "D"

С 6 по 8 февраля в Джалал-Абаде состоялся тренерский курс на получение сертификата "D" КФБ, направленный на подготовку новых специалистов по детскому футболу.

В обучении приняли участие 26 человек, решивших начать тренерскую карьеру.

Участники проявили активность как на теоретических, так и на практических занятиях.

Главным инструктором курса выступил представитель КФБ Валерий Юрьевич Березовский — опытный тренер детско-юношеского и взрослого футбола.



9 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.