Мугалим кыздын күндөлүгүнөн🌺📝


Kanal geosi va tili: ko‘rsatilmagan, ko‘rsatilmagan
Toifa: ko‘rsatilmagan


Жөн эле ойлор, эскерүүлөр, электрондук китептер 🤍

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Kanal geosi va tili
ko‘rsatilmagan, ko‘rsatilmagan
Toifa
ko‘rsatilmagan
Statistika
Postlar filtri


Мугалимдик кесипти оңой деп ойлочумун. Балдарды алдап койсо болот, китептеги даяр материалды окуп койсо болду дегем. Бирок педагогика, ыкма, түшүнүү, түшүндүрүү, кызыктыруу ж.б. кыйын экенин билген эмесмин.

Айрым окуучулар “ушул сабакты жаман көрөм, окубайм”, “дагы ушул сабакпы?”, “тажап кеттим, жазбайм” дегенде шаагым сынып калат. Же уруша албайм, же кантип кызыктыра турганымды билбей кыйналып кетем.

Себеби мугалим деген бардык окуучунун жакшы окуганын, сабакка кызыкканын каалайт экен да. Ар бирине ээринбей теманы түшүндүрүүгө даярсың, көңүл бөлөсүң. Бирок кызыкпагандары да болорун кабыл алып, кызыккандары менен менен теманы улап кетүү бирөөнү жарым жолдо таштап кеткендей сезиле берет.

Мен эми мугалимдик кесипти, жакшы окуган окуучу ким экени сезиле турганын биле баштадым. Алдыда аларды сабакка кызыктыруу, методика, анан тарбия берүү ж.б. үйрөнүү керек. Баса, психологияда окугандарымды азыр колдонуудамын.

Узун жолго чыктым, Жараткан туура багыт берип, туура жолдо жүрүүнү насип кылса экен…


Психологияда “Зейгарник”деген термин бар. Бул адамдар бүтпөй калган кыймыл-аракеттерди, окуяларды бат эстеп, оңою менен унута албай турганын билдирет.

Мисалы, ата-энеңиз, мугалимиңиз сизди туура эмес ишиңиз үчүн урушту. Сиздин эмнеге туура эмес кылганыңызды сураган жок. Демек, бул окуя бүткөн эмес. Ошол үчүн кээде сиз сизди урушкан окуяны жатка билесиз.

Окуп бүтпөй калган китептериңизди окуган китептериңизге караганда унутпайсыз.

Бирөө менен урушуп кетип, же катуу сүйлөп койгон бирок кечирим сурабай койгон, чечилбей калган учурларды унутпайсыз. Эстегенде кыйнала бересиз.

Жоопсуз сүйүүгө кабылганыңызды, билдирбей койгон, айтылбаган сезимдериңизди өмүр бою унутпайсыз. Жетпей калган сүйүүлөр, ошол адамдар унутулбайт. (“Кызыл алма” киносу мисал)

А сизге бул нерсе керекпи?

Эмнеге айрым окуяларды, адамдарды эстеп, унута албай кыйнала бересиз? Жөн ле ашыкча жүктүн эмне кереги бар?

Айтып салыңыз. Ичиңизде болгон ойлоруңузду кеч болсо да ошол адамдарга айтыңыз. Уят эмес, башканын ою дагы маанилүү эмес. Же такыр унутуңуз. Эгер колуңуздан келсе…


Бүгүн бир тааныш эжем бул жыл үчүн дуба кылып, жакшы тилектерин жазып жибериптир. Анда:

“2024-жылы Жараткан бардык адамдын көңүлүнө төп келген адамды жолуктурсун. Маңдай терин төгүп мээнет кылгандардын каалаганын берсин. Шыпаа күткөндөргө шыпаа берсин. Биз үчүн пайдасыз болгон иштер токтосун. Эң сонун, эң пайдалуу нерселер жеңил жол менен насип болсун. Татыктуу болгон бардык адам сүйүлсүн жана сүйсүн. Башкага чын жүрөгү менен жакшылык каалаганга, ошол нерсени миң эсе болуп кайтсын. Жараткан жүрөктөрдү тазалап, бардык нерсени жүрөгүбүзгө жараша насип этсин”…


Быйыл өзүмдү тааныган жыл болду. Китеп, же башка бирөөнү сөз кылганды эмес, өзүмдү окуганды үйрөнө баштадым. Бир жылда 3 башка тармакта иштеп көрдүм, бир нече адам менен тааныштым, иштештим. Ар биринен бир нерсе үйрөндүм. Мурдагы жылы блокнотума жазгандарым быйыл ишке ашты, Кудай насип кылды.

Менимче, ийгилик ишенимде. Кайсы бир нерсени Кудайдан шек күмөнсүз каалоо, ошол нерсенин ишке ашуусуна алып келет. Бул боюнча жакында өзүнчө жазам.

Баса, быйыл “эч качан кылбайм” дебеш керек экенин түшүндүм. Быйыл кылбайм дегендеримдин баарын кылдым, кантип дегендерим өз башыма келди.

Мурда “достук, көңүл” деп башкалардын максаттарын, жумуштарын биринчи орунга койсом, быйыл өзүмдү бааладым. Акча маанилүү эмес, бирок акчаны биринчи орунга койгондорго, оздөрүнө ылайык мамиле жасоо керектигин түшүндүм. Кыскасы, чоңойдум. 25 жашта экенимди кабыл алдым. 🤗

Сезимдеримди айтканды үйрөндүм, сезимдеримди, башканын сезимдерин да сыйлай баштадым. Менин быйылкы жылдагы эң чоң жылышым ушул болду.👍🏻

Быйыл чөйрөм иргелип, кимдин жакын же жөн эле тааныш экени билинди. Кудайга шүгүр, адамдарга байланбай, дени сак мамиле кура баштадым.(Каалоочуларга кенеш бере алам).

Кыскасы ушул, баарына шүгүр, болгон нерсеге да, болбой калгандарына да…

Баса, Быйылкы жыл сизге жактыбы? Сизде кандай өзгөрүүлөр болду? Кийинки жылга кандай пландарыңыз бар?


Канчалык жакшы, канчалык ыймандуу, канчалык жөнөкөй же мыкты, билимдүү адам болбоңуз, менин эсимде акыркы жолу мага кандай мамиле кылсаңыз, кандай сөз айтсаныз ошол боюнча сакталып каласыз.

Дүйнө жүзү сизди “мыкты” десе да, мен үчүн баркыңыз акыркы жолу көргөнүмдөй болот. Жана бул бардык адамга тиешелүү сөз…


Жадакалса, жашыңыз, сулуулугуңуз менен акылдуулугуңуз, келбетиңиз да акыркы жолу сизди көргөнүмдөй эсимде сакталат.

Жакшы адам болуу кандай кыйын э…


Өзүбүздү кантип тааныйбыз?

Алгач өзүңүзгө жакпаган жана жаккан сапаттарыңызды жазып чыгыңыз. Жок, сизге жакпагандарын гана жазыңыз жакканы өзү чыгат.

Мисалы, мен кекчилмин. Негизи көңүлүмдү ооруткан адамдарды унутпайм, бирок мага жакшылык кылгандарды да унутпайм.
Кээ бир жерлерге кечигип барам, бирок кимдир бирөөгө бир буюм же акча берсем, же мага карыз болсо ошону кечирээк алганга аракет кылам.

Бат ачууланам, аябай таарынчаакмын. Бирок ошол эле учурда бирөөлөрдү да бат жакшы көрөм, мага кылган кичинекей жакшылыгына деле жүрөгүм жылып калат.

Бир нерсе жакпаса дароо айтып салам. Көрсө, бир нерсе же бирөө жакса да дароо айта алат экенмин.

Демек, чынында мен өзгөрткүм келген сапаттар, мен жаман деп эсептеген тараптарымдын экинчи жагы, жакшы жагы да бар. Сизде дагы ошондой. Ал сизде кайсы бир окуялардан, адамдардан улам калыптанган болушу мүмкүн.

Эми сиздин жаман сапатыңыз жок болуп кетиши мүмкүнбү? Жок, анда экинчи жакшы сапаттарыңыз дагы жок болуп кетет да. Эмоционалдык ресурс бир эле. Бардык нерсенин эки тарабы бар. Бар нерсе жок болуп кетпейт да.

Мисалы, картайган адамдар мурда жакшы болуп жүрүп эле, кийин башкача характерлерин көрсөтүп калат ко. Себеби ал сапаттар жок болуп кеткен эмес. Биз өмүр бою жаман сапаттарыбыздын үстүнөн иштеп, жалаң жакшы сапаттарыбызды көрсөткөнгө аракет кылышыбыз керек. Өзгөрүү деген ушул, жаман сапаттар жок болбойт, болгону биз өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп турганда формасын гана алмаштырат. Качан өнүкпөй калганда, кайра эле ошол сапаттарыбыз чыгып калышы мүмкүн.

Ошондуктан сиз өзгөрөм деп ар ким кылган нерселерди кылбай эле, өзүңүздү кабыл алыңыз, тааныңыз. Машинаңыз бузулуп жатканын анын үнүнөн эле билесиз го. Өзүңүздү таанысаңыз эле сиз деле “бузулуп” кетүүнүн алдын ала аласыз.


Жашоосун, өзүн жакшы жакка өзгөртүүнү каалагандар үчүн…

Ушул сөздү көп угам. Баарыбыз эле жакшы адам болуп, жакшы жакка өзгөргүбүз келет да. Анан бул үчүн ар кандай китептерди окуйбуз, курстарга катышабыз, чөйрөбүздү алмаштырабыз же психологго барышыбыз мүмкүн. Баса, Инстаграмдагы ар кандай мотивациялык видеолорду сактап, ошол видеонун авторлору туура айтып жаткандай кабыл алабыз.

Мен дагы эки жылдан бери өзгөргөнгө, “жакшы адам” болууга аракет кылып, катышпаган психологиялык сабактар, тренинг, курстар калган жок окшойт🤣. Анан өзгөрдүмбү? Жок.

Кеп, курстарда, кооз сөздөрдө эмес, болгон нерселерди кабыл алганда башталат экен. Эң алгач, ата-энемди, алардын тандоолору менен тагдырын кабыл алып, аларды сыйлагандан башталды. Андан кийин өзүмдү, кебетемди, характеримди, башымдан өткөн окуяларды, жашоомдогу адамдарды, кылган катачылыктарымды, чөйрөмдү кабыл алганда өзгөрө баштаганымды байкадым.

Баары Кудайдын каалоосу менен болорун, буга чейин болгон окуялар, адамдар, жумуштар, таанышуулар өз убагында, ошондой шартта болгонун кабыл алдым. Жана чөйрөм, туугандарым, досторум, кесибим, улам алмаштырган жумуштарым дагы ошондой болуш керек Болгону үчүн болду, мен үчүн пайдалуу болгону үчүн болуп жатат. Эч кимдин тагдыры, башынан өткөн окуялары, чөйрөсү, ою дагы меникине окшош болбошу керек, болууга да милдеттүү эмес.

Сиздин жакшы жакка өзгөрүшүңүзгө, өзүңүздү таанууга салыштыруулар, мурдагы травмаларыңыз, ата-энеңизге болгон таарынычыңыз гана тоскоолдук кылат. Биринчи Кудайды таанысаңыз, анан сөзсүз өзүңүздү тааныйсыз. Өзүн тааныган адам гана өзгөрө алат.

Болбосо, өзүң жакшы билбеген адамды миң тренер, психолог дагы тааный албайт, өзгөртпөйт. Сиз өзүңүздү өзүңүз гана өзгөртө аласыз.

(Кийинкиде кантип өзүн тааныса болорун жазам)



























20 ta oxirgi post ko‘rsatilgan.

114

obunachilar
Kanal statistikasi