Ваккас Орхан аттуу түрк ишкери 10 жыл бою Сирияда абакта азап тарткан экен. Седная түрмөсүндө да болуптур, адам чыдагыс шарттарда, 150×70 см өлчөмүндөгү тар камерада кармалыптыр. 80 кг салмак менен кирип, 35 кг болуп чыгыптыр. Ваккас мырза Эл аралык кызыл крест уюмунда иштеген
кыргыз кыз анын эркиндикке чыгышына жардам бергенин, ал эми абактан чыккандан кийин
Ислам деген кыргыз жигит ага тамак берип, үй-бүлөсү менен байланышууга шарт түзүп бергенин түрк телеканалдарына айтып берди.
Күндө Жаратканга дуа кылып, жардам сурап тиленген экен, Алла-Таала
кыргыздарды жибериптир.