«Азаттык» радиосу


Гео и язык канала: не указан, Русский
Категория: Новости и СМИ


«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
не указан, Русский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


Милиция Чүйдөгү күйөөсү сабаган келин тууралуу маалымат берди

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы укук коргоочу Азиза Абдирасулова жазып чыккан күйөөсүнөн кордук көргөн келин боюнча “Азаттыкка” маалымат берди.

Милициянын кабарлашынча, 21-сентябрда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө калаадагы Тоголок-Молдо көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде күйөөсү аялын сабап жатканы жөнүндө кабар түшкөн. Факт катталып, териштирүү башталган.

Аталган дарекке барган милиция кызматкерлерине 28 жаштагы келин 30 жаштагы күйөөсү аны дайыма сабап, кемсинтип жатканын айтып, арыз жазган. Ошол эле күнү Улуттук госпиталда келинге баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган. Аталган факт боюнча бардык тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Чүй милициясы учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, кошумча маалымат берилерин билдирди. Милиция келиндин абалы, ага кол көтөргөн шектүүнүн кармалып же кармалбаганы жөнүндө маалымат берген жок.

Буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кеминде 28 жаштагы келин күйөөсүнөн токмок жеп, ооруканада жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазып, укук оргоо органдарына кайрылган.


Курттаган, ылай суу ичкен Ак-Суунун тургундары

Кыргызстанда 1071 (56%) айылда таза суу тутумдары жок. Бул тууралуу Суу ресурстар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирет. Миңден ашуун айылдын тургундары чоң суулардан же болбосо булактардан суу ичет. “Азаттык” Ысык-Көлгө сапар тартып, айылдардагы абал менен таанышып келди. https://www.youtube.com/watch?v=Mi1WT2U80K4


Ысык-Көлдөгү Садыр-Аке айыл аймагындагы селден жабыркаган үйлөр көчүрүлөт

Август айында селден жабыркаган Ысык-Көл районундагы Садыр-Аке айыл аймагындагы селден жабыркаган үйлөр көчүрүлөт. Мындай чечим Министрлер кабинетинин 27-сентябрындагы жыйынында кабыл алынганын басма сөз кызматы билдирди.

“Чечим селден жабыркаган Темир айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана жашоо-шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Анда жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү каралган”,

- деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов "Азаттыкка" жалпы Садыр-Аке айыл аймагындагы 29 үй коопсуз жерге көчүрүлөрүн билдирди.


Президент журналисттер жана жалаа үчүн айып салган долбоор тууралуу пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору, өлкөдөгү сөз эркиндиги жөнүндө “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек курду.

Анда Садыр Жапаров мыйзамды колдой турганын, бирок 100-200 миң айып салууга каршы экенин белгилеп, анын суммасын “депутаттар чечсин” деди.

“Ошол эле депутаттар же ЖМКлар болобу сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100-200 миң сом айып салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек аны депутаттар чечет. Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95 пайызы интернет колдонот. Эки кошуна бири-бири менен интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип анан тынчып атышат. ЖМКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ЖМКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап ал маалыматты өчүрүшөт”,

- деди Жапаров.

Садыр Жапаров “массалык башаламандык” беренеси менен айыпталып жаткан 11 журналисттин иши боюнча дагы пикирин билдирип, аларды “жасалма маалымат таратышкан” деп айыптады.

“Ал эми “11 журналист” дегениң боюнча. Алардын экөө гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп социалдык түйүндөргө отургузуп, жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып жатканын кантип танат? Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт”,

- деди Жапаров.

Президент Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып, бийликтин кемчилигин далил менен айтууга чакырды. Ал бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштешкенге даяр экенин кошумчалады.


Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору 17-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында каралып, биринчи окуудан өттү.

Жыйында айрым депутаттар коюлган айыптын көлөмүн азайтууну сунуштаган.
Долбоор кабыл алына турган болсо, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды тараткандарга 100 миң сом, медиалар 200 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилет.


Батир, тыгын, кымбатчылык: бишкектик студенттин түйшүгү | "Азаттык+"

Бишкек мэриясы студенттердин саат ондон тарта окуй баштаганы жол тыгынды азайтууга мүмкүнчүлүк берди деп эсептейт. Бирок студенттер өздөрү мындай пикирден алыс. Окуу графигинин өзгөргөнү алардын иштеп, кошумча курстарга баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып койгонун айтышат. Ансыз да батир, азык-түлүк, контракт кымбаттап жатканда, бул демилге студенттерге ашыкча жүк болгондой. Бул чыгарылышта “Азаттык+” бишкектик студенттердин түйшүгү тууралуу айтып берет. https://www.youtube.com/watch?v=g3SgtwdcXow




Депутат Масалиев журналисттерге кысым күчөгөнүн айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Кыргызстанда Интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалган маалымат тараткандарга айып пул салуу боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сунуштаган мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну сунуштады.

Ал 27-сентябрда Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коом, министрликтин кызматкерлери менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан жыйында өлкөдө журналисттерге басым-кысым күчөгөнүн айтты.

“Акыркы күндөрү камоолордон эле кол бошобой калды. Күнүгө, ай сайын жаңылыкты карасаң “баланча журналист камалды, жоопко тартылды, бийликти алмаштырууга даярдык көрүптүр” деген жаңылыктар. Иш сотко жеткенде анан акырын баары жокко чыгат. Бирок ошол журналист унчукпай калат. Бул да аз болгонсуп эми парламентке мыйзам долбоору келип, каралып жатат”,

- деди ал.

@azattyk_radiosu


“Легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер Бегиш Аматов дүйнө салды

“Легендарлуу парламенттин” депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Бегиш Аматов 26-сентябрда 75 жаш курагында каза болду.

Бегиш Аматов коомдук-саясий иштерге жигердүү аралашып, 1990-1994-жылдары эл арасында “Легендарлуу парламент” деп аталган Кыргыз ССР Жогорку Советинин XII чакырылышынын депутаты болгон. 1991-жылдын 31-августунда алгачкылардан болуп, Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндө декларацияны кабыл алуу демилгесин көтөргөндөрдүн бири.

@azattyk_radiosu


Камчыбек Ташиев Мелис Аспековдун абактан жазды делген катына байланыштуу комментарий берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 7tvkg сайтына берген чакан маегинде Мелис Аспеков 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин чоң-чоң ишкерлерден “Садыр Жапаровго берем” деп алдамчылык менен каражат алып, аны өзү кымырып алып жүргөнү аныкталып, сот жообуна тартылганын айткан.

“Ушундай каралоолор чыкканда эл-журт логика дегенди иштетиш керек. Раим Матраимов (ред: Райымбек Матраимов) миллиондогон долларларды киши куруп калгансып, Мелис аркылуу берет беле? Бергиси келсе Садыр Жапаровдун өзүнө же бир туугандары аркылуу берет эле да. Эгер чындап эле Раим 3 миллион доллар Мелиске бергени чын болсо – анда аны да өзүнө катып алган деп билсек болот. Бирок бул маселе боюнча Раимге суроо берилген. Раим “Мелисти тааныбайм, берген эмесмин, калп айтып жатат”, - деп жооп берген. Биз мындай суу кечпеген каралоолорго көңүл бурбайбыз”,

- деген Камчыбек Ташиев.

@azattyk_radiosu


❗️Аскар Акаев экс-президент макамы боюнча ЖКнын чечимине комментарий берген жок

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев ага экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча арызын четке каккан Жогорку Кеңештин депутаттарынын чечимине комментарий берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС мамлекеттик агенттиги жазды.

“Мен парламенттин иши жана чечими боюнча комментарий бербейм”,

- деген ал.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы сессиясында Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке каккан. Ал парламентке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп арыз бергени 5-сентябрда белгилүү болгон.

@azattyk_radiosu


Сузактагы кайра шайлоодо Алтынбек Кылычбаев жеңди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештеги бир мандаттуу №13 Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, 10 миң 174 добуш алган Алтынбек Кылычбаев жеңүүчү болду.

Андан кийин Медербек Сапарбаев 3280 (15.58%), Жыргалбек Сейдахматов 2 493 (11.84%), Мелисбек Кошалиев 2 435 (11.56%), Асилбек Арапбаев 1 351 (6.42%), Юлия Лилиенталь 749 (3.56%), Бейшенбек Бегматов 212 (1.01%) добуш алышты. 134 киши “баарына каршы” добуш берди.

47 жаштагы Алтынбек Кылычбаев “Жалал-Абад” санаториясынын директорунун орун басары. 2011-2012-жылдары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде иштеген. 2015-жылы “Республика – Ата-Журт” партиясынан парламенттик шайлоого катышкан.

@azattyk_radiosu


25-cентябрда президент Владимир Путин дүйнөнү кайра коркутуп, өзөктүк арсеналы бар мамлекет колдогон кайсы өлкө болбосун Орусияга кол салса, Кремл ядролук курал колдонорун жарыялады. Эгер Орусия Украинага же Батыш Европага өзөктүк сокку урса континенттин аны токтотуп калууга күч-кубаты жетеби? #AzattykFocus #rfe_rl

@azattyk_radiosu

Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз.


Абактагы журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды

Temirov Live каналынын тогуз айдан бери тергөө абагында отурган журналисти Айке Бейшекеева эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгынын лауреаты болду. Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму кыргызстандык журналистке адам укуктарын коргоо жаатындагы каармандыгы үчүн бул сыйлыкты ыйгарды. Сыйлык берүү аземи Прагада өттү.

Сыйлык адам укуктарын коргоону жакшыртууга жан үрөгөн жаштарга ыйгарылат.
Быйыл бул сыйлыкка 75 талапкер көрсөтүлгөн.

Айке Бейшекеева - Temirov Live каналынын фактчек жасаган журналисти. 23 жашта, Польшадан билим алган. Ал быйыл январда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун 11 журналисти менен бирге камалган. Аларга “жапырт баш аламандыкка чакыруу” боюнча иш козголгон. Айке сотто журналисттер эч кандай төңкөрүш жасоого аракет кылбаганын, мамлекетке зыян эмес, пайда алып келерин айткан.

26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда журналисттердин иши каралып, прокурор алардын баарын алты жылдан абакка кесүүнү, үй камагындагы жети кызматкердин да бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан камакка алууну сурады. Адвокаттар прокуратуранын айыптоосун четке кагып, аларды актоону талап кылды. “Эл аралык басма сөз институту” мамлекеттик айыптоонун мындай өтүнүчүн сынга алып, аларды бошотууга чакырды.

Журналисттерге сот өкүмү 3-октябрда чыгары күтүлүп жатат.

16-январда кармалгандардын жетөө бир нече айдан кийин үй камагына чыккан, азыр Айке Бейшекееваны кошкондо төрт журналист - Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров камакта отурат.




2021-жылдан бери чет өлкөлүктөр 36 кыргызстандык баланы асырап алышты. Ал эми америкалык үй-бүлөлөр багып алган айрым кыргызстандык балдардын алды мектепти аяктайын деп калышты. Алардын кээ бирлери тууралуу алдыда баяндайбыз.

Азамат же Айдан Шимкус ата-энеси, беш бир тууганы менен Пенсилвания штатынын Скрантон шаарында жашайт. Мектептин жогорку классынын окуучусу. Кыргызстанда балдар үйүндө алты жашка чейин чоңойгон Айдандын Америкадагы үй-бүлөсүнө барганына быйыл туура он жыл болду.

@azattyk_radiosu

Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз.


Садыр Жапаров Аскар Акаев боюнча талкууга комментарий берди

Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Аскар Акаевдин айланасындагы талкуулар тууралуу комментарий берди.

“Мына кечээ Жогорку Кеңеш да экс-президент макамын берүүдөн баш тартып коюптур. Ошондуктан баарыбыз өткөндөн сабак алып, азчылык көпчүлүккө баш ийишибиз керек. Мен дагы бир жолу кайталайм. 99 жолу жакшы иштерди жасап, 1 жолу жаңылсаң эл кечирбейт. Адам баласынын жашоосунда табият ушундай экен. Жакшы иштериң тез эле унутулуп калат. Жаман иштериң эч качан унутулбайт. Ага капа болуштун кереги жок. Ошондуктан биз катачылык кетирбегенге аракет кылалы. Тез-тез жаңыланууларды, тез-тез өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү жасап туралы. Мына ошондо эл баалайт, эл сыйлайт”,

- деди президент.

@azattyk_radiosu


⚡️Прокурор 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сурады

26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши боюнча соттук отурумда прокурор шектүүлөрдүн ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү жана эркиндикте жүргөн журналисттерди сот залынан камакка алууну сурады.

Бул жолку соттук отурумда журналисттердин материалдарына көз карандысыз экспертиза жасаган эксперт Нарынбаева көрсөтмө бермек. Ал соттук жараянга келбей калгандыктан тараптар жарыш сөзгө өттү.

@azattyk_radiosu


Ташиев бийлик жакындарын мамлекеттик ишке кийлигиштирбей турганын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда бийлик тууган-туушкандарын жана жакындарын мамлекеттик ишке аралаштырбай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 25-сентябрда Баткенде атайын кызматтын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнө курулган жаңы имаратын пайдаланууга берүү иш-чарасында айтты.

“Президентибиз Садыр Нургожоевичтин бизге койгон тапшырмасы да ушундай. Тууган-урук, жакындарыбызды бийликти башкарууга аралаштырбашыбыз керек. Биз өзүбүздүн милдеттерибизди таза, так, мыйзам чегинде аткарууга багыт алышыбыз керек. Бир тууганыңды, балаңды аралаштырдыңбы дароо акыйкат жолдун тайып кетесиң”,

- деди ал.

Камчыбек Ташиев анын жакындары жеке өзүнүн маселесин чечүү үчүн мамлекеттик кызматкерлерге кайрылса, жоопко тартылышы керектигин, өлкөдө буга чейинки президенттердин тушунда жакындары бийликке аралашкан учурлар көп болгонун айтты.

@azattyk_radiosu


Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-сентябрдын кечинде БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөдү. Андан кийин АКШ президенти Жо Байденге "жеңиш планын" сунуштай турганы күтүлүүдө. Ал тапта Орусиянын армиясы Украинага тынымсыз абадан сокку уруп, өлкөнүн чыгышында чабуулдарын күчөттү.

Майдандагы кырдаалга көз салып жаткан DeepState долбоорунун талдоочулары билдиргендей, орус аскерлери учурда Донецк облусундагы Угледар шаарына бир нече багыттан чабуул коюп, аны курчап алуунун аракетин көрүп жатышат.

@azattyk_radiosu

Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз.



Показано 20 последних публикаций.