«Азаттык» радиосу


Гео и язык канала: Весь мир, Русский
Категория: Новости и СМИ


«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Весь мир, Русский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
“Эмоцияга алдырып коюпмун, кечирим сурайм”

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Достук айылынын тургундарынан кечирим сурады. Ал Улуттук телеканалга маек куруп, жыйында эмоцияга алдырып койгонун айткан.

6-мартта Достук айылындагы жолугушууда тургундарды Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган. Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Шаменов анда мамлекет адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган.

7-мартта Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына Шаменовго “Баткен районундагы Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашкандыгы үчүн оозеки түрдө эскертүү берилгенин” жазган.

#достук #чекара #кыргызстан #тажикстан


Төрт түлүктүн сырын билген Токон эже | "Данисте"

Кыргыздар Улуу Жибек жолунун томунда байыртан эле мал соодасы менен таанылган. XXI кылымга келип деле мал соодасы Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы элдин негизги тиричилиги бойдон кала берди. Азыр дагы өлкөнүн мал базарлар күүлдөп иштеп, андагы соодагерлер аймактарды кыдырып, сооданы кызытып турат. “Данисте” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында мал базарда соодагерлик кылган Токтобүбүбү Токтоматова тууралуу айтып беребиз. https://youtu.be/U6e-Nn6Zb7w


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Колунда бычагы бар бирөө аэропорттун кызматкерин барымтага алды. Окуя Алматы аэропортунда текшерүү маалында болгон. 7 мүнөттөн кийин Алматынын тургуну шектүүнүн колунан бычагын жулуп алды. Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Казакстандын мыйзамында барымтага алуу боюнча 7 жылдан 10 жылга чейин абакка кесүү каралган. Шектүүдөн бычакты жулуп алган жаран мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөт.


Жаңылыктар | 07.03.2025 | Алматы: белгисиз адам аэропорт кызматкерин барымтага алды

• Президент Садыр Жапаров өзүнүн Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовго Достук айылынын тургундары менен жолугушууда сүйлөгөн сөздөрүнө байланыштуу оозеки эскертүү берди. Шаменов чоңураак жер тилке берүүнү суранган жашоочуларды урушуп, орой мамиле кылган.

• Евробиримдикке мүчө өлкөлөр аскердик чыгашаларды кескин көбөйтүү планын кабыл алды. Ал тапта АКШ менен Украинанын өкүлдөрү кийинки аптада Сауд Арабиясында жолугары маалым болду.

• Казакстандын Алматы шаарында белгисиз адам аэропорттун кызматкерин бычак менен барымтага алды. Бир нече мүнөттөн соң ал куралсыздандырылып, кармалды. https://www.youtube.com/watch?v=B7dY48iDsNc




Садыр Жапаров Баткендеги өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берди

Президент Садыр Жапаров президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовго оозеки эскертүү берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматта “ал Баткен районундагы Достук айылынын жашоочулары менен жол берилгис тон менен баарлашкандыгы үчүн оозеки түрдө эскертүү бергени” айтылат.
“Мамлекет башчысы кызмат адамдары этикалык нормаларды сактоо жана калкка урмат-сый менен мамиле кылуу үчүн өзгөчө жоопкерчиликтүү экенин баса белгиледи. Айрыкча ыйык Орозо айында мындай жүрүм-турумга жол берилбейт. Президент мамлекеттик бийликтин бардык өкүлдөрүн жарандар менен иштөөдө урмат-сый жана сылыктык принциптерин бекем сактоого чакырды”,

- деп айтылат маалыматта.

6-мартта Достук айылында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен элдин жолугушуусу болгон. Анда айылдын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынган.

Жыйында Достуктун айрым тургундары беш сотыхтан эмес 10 сотыхтан жер берүүнү суранышкан. Айбек Шаменов анда мамлекетке адамдарга турак жай салып бербей турганын айтып, элге орой мамиле кылган. https://smarturl.click/EevqZ


Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга айлык акысын алуусуна көмөк көрсөтүлдү

Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу Ленинград облусунда эмгектенип, бирок эмгек акысын ала албай калган кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүп, 8 млн рубль маянасын алып берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы 7-мартта кабарлады.

Маалыматка ылайык, консулдук кызматкерлер Ленинград облусунун Кингисепп районуна барган учурда курулуш объектисинде иштеген 150 кыргызстандык мигрант эки айдан бери айлык ала албай жатканын айтып даттанышкан. Консулдуктун кийлигишүүсүнөн кийин иш берүүчүлөр менен жетишилген макулдашуунун жыйынтыгында кыргызстандык мигранттарга 8 млн рублге жакын акча төлөнүп берилди.

ТИМ жана чет өлкөлөрдөгү мекемелер сыртта жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди улантууда. https://smarturl.click/8E5zL


"Казына үчүн пайдасы жогору". Ички карыз эмне үчүн көбөйүүдө?

Кыргыз өкмөтү соңку төрт жылда буга чейинки карыздан 1,5 эсе көп ички карыз алды. Өкмөттүн мындай саясаты кандай максатты көздөрүн финансы министри Алмаз Бакетаев түшүндүрүп берди.

Ал ички карыздын мөөнөтү бир кыйла кыска жана үстөк пайызы жогору болгону менен өлкө казынасы үчүн пайдасы жогору экенин түшүндүрүүдө.

Ички карыздар кайдан алынат жана эмнеге коройт? Толук окуңуз: ➡️ https://smarturl.click/DaWy0


Жаңылыктар | 06.03.2025 | Баткен: Достук айылы Чет-Булакка көчөт

• Украинанын Кривой Рог шаарында урулган соккудан каза тапкандар 4 кишиге жетти. Ал арада АКШ Украина менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү убактылуу токтотконун билдирди.

• Тажикстандын башка жерине алмашылганы жаткан Достук айылынын тургундарын Баткен шаарына жакын Чет-Булак тилкесине көчүрүү чечими кабыл алынды. Жаңы конуш үч-төрт айдын ичинде курулуп бүтөрү айтылды.

• Бишкекте зордуктоого шектелген беш киши эки айга камалды. Милицияга кайрылган кыз көңүл ачуучу жайлардын биринде беш адам белгисиз тарапка алып барып, күч колдонуп зордуктаганын айтып арызданган.
https://www.youtube.com/watch?v=IGX26pWvz6w


Баткен: Достук айылынын тургундары Чет-Булакка көчөт

Баткендин Достук айылынын элин Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Бийлик аларга үй салып, бардык шартын түзүп берүүнү убада кылды. Президент Жапаров чек ара маселеси кызыкчылыктарды эске алуу менен түбөлүккө чечилерин айтты. "Азаттык" Достук айылындагы эл менен жолугушууга катышты.
Толук окуңуз: ➡️ https://smarturl.click/Zy2v5


‼️Бишкекте кыз зордуктоого шектүү беш адам эки айга камалды

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 1-марттагы токтому менен кыз зордуктоого шектелген беш адам 28-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүүлөрдү камоо өтүнүчүн сотко Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) тергөөчүсү берген.

Жабырлануучу 28-февралга караган түнү борбордогу көңүл ачуучу жайлардын биринде беш адам аны белгисиз тарапка алып барып, күч колдонуп зордуктаганын айтып арызданган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

@azattyk_radiosu


Бишкекте 5 киши кызды уурдап барып зордукташкан

Бишкекте кыз зордуктаган деген шек менен беш адам – 25 жаштагы үч жана 24 жаштагы эки адам кармалганын милиция билдирди. Свердлов райондук милициясы социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган видеодо беш киши кызды белгисиз жакка көтөрүп баратканын көрүүгө болот.

@azattyk_radiosu


Порнографиялык тасмаларга тартылган америкалык актриса Уитни Райт Ооганстанга барып, социалдык түйүндөргө анын сүрөт, видеолору байма-бай жарыялангандан бери катаал шартта жашаган ооган аялдар нааразы болгону айтылууда.

Талибдер анын өлкөгө сапарын расмий тастыктабаганы менен Райт 5-мартта өзүнүн Инстаграм баракчасына Ооганстандын туристтик жайларында тартылган сүрөттөрүн жарыялады. #rfe_rl

@azattyk_radiosu

Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз. 👇


Баткен: Достук айылынын тургундары Чет-Булакка көчөт

Баткен районундагы Достук айылынын элин Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылына караштуу Чет-Булак жерлигине көчүрүү чечими кабыл алынды. Чет-Булак Баткен шаарынын четинде жайгашкан. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов үй куруу иши жакынкы күндөрү башталып, үч-төрт ай ичинде элди көчүрүп чыгуу аяктай турганын "Азаттыкка" 6-мартта билдирди.
Шаменовдун сөзүнө караганда, Чет-Булакка көчүп барган ар бир үй ээси үчүн беш сотыхтан жер тилкесине мамлекет бардык шарты бар үй куруп берет. Жалпы 71 үй курулат.

@azattyk_radiosu


Бишкекте бир нече көчө узартылат

Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн жыйында Бишкектеги быйыл оңдолуучу жолдор, кеңейтилүүчү көпүрөлөр тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу 6-мартта мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Быйыл борбор калаада төрт жаңы көчө: Сухе-Батор, Ауэзов, Ахунбаев, Токтоналиев көчөлөрүнүн уландысы курулат.

Мындан тышкары үч көпүрө: Ауэзов көчөсүндө Бишкек Жылуулук электр борборунун каналы аркылуу өтүүчү, Жибек Жолу проспектиндеги Аламүдүн суусундагы жана Шүкүров көчөсүндөгү Чыгыш Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрөлөр курулат. Шаар бийлиги быйыл ошондой эле эстакадалык көпүрөлөрдүн курулушу башталарын да билдирүүдө.

@azattyk_radiosu


❗️Президент чек ара кызыкчылыктарды эске алуу менен түбөлүккө чечилип жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо келишимдери тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берди.

6-мартта жарыяланган маекте эки өлкөнүн чек ара маселеси түбөлүк чечилип жатканын айтып, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга байланыштуу парламенттеги сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди.

“Мисалы кечээки сөзүндө Ворухту айтып жатат. Биз 19 миң 500 гектар жер берип койгондой айтты. Ворух өзү илгертен берки карталар боюнча 14 миң 500 гектар жерди ээлеп турат. Муну бул киши жакшы билет. Өзү баткендик. Анысы аз келгенсип губернатор болуп да иштеген. Андан сырткары ворухтуктар 5 миң гектарды түзгөн биздин жайлоону пайдаланып келишкен. Ал жайлоого биздин жергиликтүү эл Ворух аркылуу гана баргандыктан бүгүнкү күнү эч ким пайдаланбайт. Ал жайлоого барчу башка жол жок. Ошол жайлоону толугу менен бизге таштагыла, ордуна биз силерге башка жерден беш миң гектар жер берели, алмашалы дешкен. Биз жок, баарын эмес, бир миң гектар гана алмашалы деп миң гектар калтырып, ордуна Чоң-Алайдан миң гектар жер жайлоо алдык. Ошону менен Ворух 15 миң 500 гектар менен токтоду. Бүттү. Мындан ары түбөлүк чекит коюлду. 14 миң 500 гектар илгертен берки карталар боюнча алар ээлеп келген жер. Муну билип туруп бул депутат манипуляция кылып жатат”, - деди президент.

@azattyk_radiosu


"Өкмөт сунуштаган 100 миң сом өтө көп". Чет элдик номурлуу автоунаа ээлери эмнеге нааразы?

Армения менен Абхазиядан ташылып келген автоунаалардын ээлери машинелерин каттоонун жол-жобосуна нааразылык билдирип, акцияга чыгышты.

Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага чогулган 100дөй киши унааларды мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт сунуштаган 100 миң сом көп экенин айтып, бул сумманы унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша көрсөтүунү суранышты.

“Баа туура келбей кымбат болуп жатат. Эл көтөрө албайт, көбүбүз такси кылабыз. 102 миң сом аябай эле кымбат. Унааны каттап жатканда көлөмүнө карап койсо жакшы болмок. Мисалы "Хонда Фиттин" кыймылдаткычынын көлөмү 1.3, "Тойота Кроундуку" 3,5. Алардыкын өйдө кылып, "Хонда Фиттикин" ылдый кылса болмок. Мисалы көлөмүнө карап 200 доллардан 500 долларга чейин кылып койсо”,

- деди Бишкек шаарынын тургуну Элим Бейшенбаев.

Чогулгандардын нааразылыгын шилтемеден окуңуз. 👇
https://smarturl.click/yqD7p

@azattyk_radiosu


Кыргызстанда мектептерде жазгы каникул 17-мартта башталат*

Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы жылы Кыргызстанда мектеп окуучуларынын 3-чейреги 14-мартта аяктап, 17-марттан тарта жазгы каникул башталарын жарыялады. 4-чейрек 24-марттан тарта башталат.

Министрликтин маалыматына ылайык, жазгы каникул 2024-2025-окуу жылынын планына жараша аныкталган.
https://smarturl.click/2qBkZ


Жаңылыктар | 05.03.2025 | Дональд Трамп Зеленскийден кат алды

• Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды.
• АКШ президенти Дональд Трамп Конгресстеги кайрылуусунда Владимир Зеленскийден кат алганын айтты. Анда украин президенти тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдыгын билдирген.
• Кыргызстанга Армения менен Абхазиядан ташылып келген автоунаалардын ээлери машинелерин каттоонун жол-жобосуна нааразы болууда. Алар унааларды мыйзамдаштыруу үчүн өкмөт сунуштаган 100 миң сомду төмөндөтүүнү суранды. https://www.youtube.com/watch?v=6MgqJxXFeF8


“Ыйман Нуру” депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды.
Фракциянын 5-марттагы кезексиз жыйында Динара Ашимова, Эрнис Айдаралиев, Винера Раимбачаева Султанбай Айжигитовду “Ыйман Нурудан” чыгарууну колдоду. Замирбек Мамасадыков калыс болуп, Султанбай Айжигитов өзү каршы добуш берди.

“Султанбай Айжигитов фракциянын саясий позициясына туура келбеген ойду айтты. Себеби, биз концепцияны (ред: чек арага байланыштуу) талкуулаган учурда Султанбай Айжигитов “Толук колдойм. Менин сунуштарым кабыл алыныптыр” деп сүйлөгөн. Депутат ар бир сөзүн анализ кылып туруп сүйлөш керек”, - деди Динара Ашимова.

Султанбай Айжигитов фракциянын чечимине комментарий берген жок. Депутат фракциядан чыгарылганы менен ал эркин депутат катары ишин уланта берет.

@azattyk_radiosu

863 0 0 10 29
Показано 20 последних публикаций.