Милиция Токмокто онлайн казиного 287 миң сомун уттурган жигит өзүнө бычак сайганын билдирди
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Токмок шаарында 18 жаштагы жигит (А.Р.) “Ринго трейд” онлайн казиного 287 миң сомун уттуруп, өзүн бычак менен сайып жибергенин билдирди.
Облустук милициянын маалыматына караганда, 14-декабрда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 18 жаштагы жигитке үч адам бычак менен кол салып, 287 миң сомун тартып алганы тууралуу арыз түшкөн
Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.
Тергөөдө арыздануучунун айткандары аныкталган эмес. Милиция 18 жаштагы жигит “Ринго трейд” онлайн казиного 287 миң сомун уттуруп жиберип, атасынан коркконунан бычак менен өзүнө залал келтирип, аны ыргытып жибергенин билдирди.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал өзүнө бычак сайышы мүмкүн экени аныкталган.
Толук окуңуз: ➡️ https://www.azattyk.org/a/33246658.html