«Азаттык» радиосу


Гео и язык канала: Весь мир, Русский
Категория: Новости и СМИ


«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus

Связанные каналы  |  Похожие каналы

Гео и язык канала
Весь мир, Русский
Категория
Новости и СМИ
Статистика
Фильтр публикаций


2025-жылы мигранттарды эмне күтөт? | "Биз жана дүйнө"

Крокус Ситидеги 145 кишинин өмүрүн алган кандуу терактан кийинки тынымсыз текшерүүлөр. Орусиядагы эмгек мигранттарын эркин сынап, эркиндигин чектеген жыл. 2024-жыл эмнеси менен эсте калды? 2025-жылдын 1-январынан тарта Орусияда чет элдик жарандар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет. Миграциялык саясаттын катаал мыйзамдары кантип иштейт? Борбор азиялык мигранттар эмнени эске алышы керек? "Биз жана дүйнө" берүүсү ушул суроолорго жооп издеди. https://www.youtube.com/watch?v=J17dXYwApSQ


Президент Жапаров Курултайда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталады

Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда делегаттардын бири Асылбек Абдыкадыров “Азаттык”, "Кактус Медиа", "Политклиника" басылмаларынын өкүлдөрүнө сөз берүүнү сунуштады. Абдыкадыров аталган медиалар бийликти сындап келерин айтып, ойлорун угуп коюу туура болорун айтты.

Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев бул сунуш боюнча президент Садыр Жапаровдун пикирин сурады. Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталап, аталган медиалардын өкүлдөрүнө сөз берүүнү Элдик курултайда делегаттары чечерин айтты.

“Кандай гана маселе болбосун трибунага чыгып ачык айткыла. Чапаныңарды эч ким чечип албайт, бир тал чачыңар түшпөйт. Азыркы киши туура айтты. Сөз эркиндиги бизде бар, болуп келген, мындан ары дагы болот. Мен бүгүн дагы кайталап койсом. Сөз эркиндиги менен ушак айыңды, бирөөгө жалган жалаа жаап, мазактоону, анан калп айтууну алмаштырып албаса болду. Так факт менен айта бергиле",

- деди Жапаров. https://www.azattyk.org/a/33246698.html


Милиция Токмокто онлайн казиного 287 миң сомун уттурган жигит өзүнө бычак сайганын билдирди

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Токмок шаарында 18 жаштагы жигит (А.Р.) “Ринго трейд” онлайн казиного 287 миң сомун уттуруп, өзүн бычак менен сайып жибергенин билдирди.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 14-декабрда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 18 жаштагы жигитке үч адам бычак менен кол салып, 287 миң сомун тартып алганы тууралуу арыз түшкөн

Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.


Тергөөдө арыздануучунун айткандары аныкталган эмес. Милиция 18 жаштагы жигит “Ринго трейд” онлайн казиного 287 миң сомун уттуруп жиберип, атасынан коркконунан бычак менен өзүнө залал келтирип, аны ыргытып жибергенин билдирди.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ал өзүнө бычак сайышы мүмкүн экени аныкталган.

Толук окуңуз: ➡️ https://www.azattyk.org/a/33246658.html


Кыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк топтор Дүйшөмбү шаарында жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтору.
Пикирлерди көрүңүз
Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын мыйзамдуу түрдө каттоо үчүн материалдарды даярдоого киришти.

Бул тууралуу 11-19-декабрь күндөрү эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жана топографиялык жумушчу топторунун Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында болгон кезектеги жыйынында айтылды.

Кыргыз өкмөтү бул иш Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантыларын билдирди. https://www.azattyk.org/a/33246601.html


Бишкекте үчүнчү Элдик курултай башталды

20-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда үчүнчү Элдик курултай башталды.

Курултайга 698 делегат катышууда. Алардын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү. Андан тышкары 30 делегат Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү.

Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери, Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрлер катышууда. https://www.azattyk.org/a/33246605.html


‼️Бишкекте кыйраган тик учактын учкучу мамлекеттен жардам берилбей жатканын айтып чыкты

Быйыл 17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурундагы тик учак кырсыгында жараат алган учкуч Максат Бактыбеков бийликке кайрылды. Ал иш боюнча териштирүүнүн жыйынтыгы чыга электигин, кырсыктан улам баспай калганын жана ипотекага алынган үйдө жашап жатканын белгилеген.

“Келинчегим Коргоо министрлигине барып, ипотекага болгон карызыбызды жаап бербейсиздерби десе, макул болушкан. Кийин телефон чалып, "күйөөңүз 20 жыл кызмат кылганда жаап бермекпиз" деп коюшту. Менин 13 жылдык тажрыйбам бар. Мен шалаакылыктын айынан ушундай болуп калдым. Негизи учкучтар 65 жашка чейин иштесе болот, менин карьерам да уланбай калды”.


Бактыбеков президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, ишти аягына чыгарып берүүнү өтүнгөн.

Анын кайрылуусуна Коргоо министрлиги комментарий берип, ага каржылык жана медициналык колдоо көрсөтүлүп жатканын билдирди.

@azattyk_radiosu


CPJ кыргыз бийлигин төрт журналистке коюлган айыпты алып салууга чакырды

Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы төрт кызматкерине чыккан өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырганын сынга алды.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гульноза Саид кыргыз бийлигин Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековду абактан бошотуп, Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевага коюлган айыпты алып, көз карандысыз медиага басымды токтотууга чакырды.

Бишкек шаардык соту 18-декабрда төрт журналистке Ленин райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган.

@azattyk_radiosu


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
“Үч жумадан бери алына элек”. Жалал-Абад шаарында таштанды чыгарылбай маселе жаралды

Жалал-Абад шаарынын тургундары таштанды жумалап чыгарылбай жатканын айтып, нааразы. “Жалал-Абад Тазалык” мекемеси техниканын аздыгынан улам жетишпей жаткандарын айтууда. Учурда 200 миңдей киши жашаган шаарды тазалык мекемесинин 17 техникасы тейлейт.

@azattyk_radiosu


Парламент жалаа жабуу, мазактоого айып салган долбоорду үчүнчү окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 19-декабрдагы жыйынында интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзам долбооруна президент кол койсо эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиаларга 65 миң сом айып пул салынат.

@azattyk_radiosu


18-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.
- Дамасктын жанында адам сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар табылды

- Пентагон: Түндүк Корея Курскиде жүздөгөн аскерин жоготту

- “Социал-демократтар” Темирлан Султанбековду ачкачылыгын токтотууга чакырды

- Имамидин Ташов ачкачылыгын токтотту

- Орусияда генералдын өлүмүнө өзбек жараны шек саналууда

- Министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берди

- Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча президент үн катты

- “Чет элдик өкүл” боюнча реестрге дагы эки уюм кирди

- Кыргызстанда эс алуу болгон майрам күндөрү азайды

Кененирээк макаладан окуңуз: ➡️ https://smarturl.click/LYOLA


"Рак оорусу барларды Түркияга жиберүү бизнеске айланды"

Кыргызстанда өткөн жумаларда 120га жакын онкологиялык илдеттерди заманбап ыкма менен аныктай турган инновациялык санарип лаборатория ачылды. "Сергек жашоо" подкастында медицина илимдеринин доктору, онколог Рысбек Абдылдаев санарип лабораториянын өзгөчөлүгү, Жасалма интеллекттин ооруну аныктоодогу жардамы жана ракты дарылоодо кыргыз медицинасын артка тарткан себептер тууралуу айтып бермекчи. https://www.youtube.com/watch?v=4s7bOpu3bzI


Жаңылыктар | 18.12.2024 | Москвада генералды жардырууга өзбек жараны айыпталды

- Бишкек шаардык соту төрт журналисттин ишин карап, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбеков абакта калды.
- Орусияда генерал Игорь Кирилловдун өлүмүнө өзбек жараны шек саналууда. Өзбекстандын бийлиги бул тууралуу маалымат азырынча аларда жок экенин билдирди.
- Министрлер кабинетинин төрагасы болуп Адылбек Касымалиев дайындалды. Президент мурдагы төрага Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктерден улам кызматтан кеткенин айтты. https://www.youtube.com/watch?v=hkf0wEmsKIc&t=3s


Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматына жетекчи болду

Президенттин кеңешчиси Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тишелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-декабрда кол койгону өкмөттүн сайтына жарыяланды.

https://smarturl.click/1dayD


Пентагон: Түндүк Корея Курскиде жүздөгөн аскерин жоготту

Түндүк Кореянын армиясы Орусиянын Курск облусунда жүздөгөн аскерлерин жоготту. Алар кармаштарда набыт болгон же оор жараат алышкан. Бул тууралуу The New York Times жана Associated Press агенттиктери Пентагондун жогорку даражалуу өкүлүнө таянып жазышты.

Анын айтуусуна караганда, "курман болгондордун арасында бардык рангдагы аскерлер бар". Мындай көп сандагы жоготууларды ал Пхеньян жиберген аскерлердин тажрыйбасы жоктугу менен түшүндүргөн.

"Бул кармаштардагы аскерлер даярдыктан өткөн эмес. Алар салгылаштарга буга чейин аралашпаган",

- дейт ал.

@azattyk_radiosu


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram
Шаардык сот төрт журналисттин иши боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек шаардык сотунда 18-декабрда төрт журналисттин иши боюнча отурум уланып, судья адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырбай, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Отурумда адвокаттар жана айыпталуучулар жарыш сөзгө чыгып, алардын күнөөсү далилденбегенин айтышты. Адвокат Нурсултан Жаныбеков ал жактап жаткан Азамат Ишенбековдун чоң энесинин абалы оор экенин, каралашар адамы жок экенин белгиледи. Ал эми адвокат Улан Сейитбеков Махабат Тажыбек кызынын жашы жете элек баласы бар экенин айтып, камактан бошотууну суранды.

@azattyk_radiosu


Видео недоступно для предпросмотра
Смотреть в Telegram


❗️Президент Акылбек Жапаров салыктагы кемчиликтер үчүн кызматтан кеткенин билдирди

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткенин билдирип, аны саясатташтырбоого чакырды.

“Ачыгын айтып коюш керек бул жетишкендиктерге Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун дагы салымы бар. Эми анын кызматтан кетишин ашыкча саясатташтыруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок өлкө бюджетин түзүүчү салык системасындагы оркойгон терс көрүнүштөр барыбызды кейишке салды. Маселен, акциз маркаларына байланышкан махинациялар ашкереленип жатат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин түздөн-түз көзөмөлүндө болчу. Демек, салык системасындагы мыйзамсыз аракеттерди мурдатан токтотуп калуу мүмкүн эле. Мыйзамсыз иш аракеттеринен улам салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, жеке кызыкчылыктар кагылышына жол бербөө үчүн аны кызматтан четтетүүгө мажбур болдум”,

- деди Жапаров.


Парламент Касымалиевди Министрлер кабинетинин төрагалыгына жактырды

Жогорку Кеңеш 18-декабрдагы отурумунда Министрлер кабинетиндеги жетекчилердин талапкерлигин карап, макулдугун берди. Ага ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, төраганын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыков шайланды.

Парламентте бүгүн, 18-декабрда, саат 12:30да президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ант беришет.

@azattyk_radiosu


Шаардык сот төрт журналисттин иши боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек шаардык сотунда 18-декабрда төрт журналисттин иши боюнча отурум уланып, судья адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырбай, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Отурумда адвокаттар жана айыпталуучулар жарыш сөзгө чыгып, алардын күнөөсү далилденбегенин айтышты. Адвокат Нурсултан Жаныбеков ал жактап жаткан Азамат Ишенбековдун чоң энесинин абалы оор экенин, каралашар адамы жок экенин белгиледи. Ал эми адвокат Улан Сейитбеков Махабат Тажыбек кызынын жашы жете элек баласы бар экенин айтып, камактан бошотууну суранды.

Айыпталуучу Азамат Ишенбеков чоң энесине журналисттер аркылуу кайрылып, жазган ырын окуп берди. Махабат Тажыбек кызы уулуна кайрылуу жолдоп, аны эч качан таштабаганын, болгону ага эркин өнүккөн мамлекет куруп берүүгө белсенгенин айтты.

@azattyk_radiosu


❗️Еврокомиссия TikTok боюнча териштирүү баштады

Европа Комиссиясы TikTok платформасы Санарип кызмат көрсөтүү мыйзамын бузган болушу мүмкүн деген неигзде расмий териштирүү баштады. Euronews бул аракет Орусиянын Румыниядагы шайлоого кийлигишкени боюнча далилдерди алгандан кийин башталганын жазды.

Еврокомиссия TikTok Евробиримдиктин мыйзамдарын бузуп-бузбаганын аныктоо үчүн маалыматтарды чогултат.

Румынияда 24-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда ашынган оңчул, орусиячыл саясатчы Кэлин Жоржеску күтүүсүз жеңишке жеткен. Конституциялык сот добуш берүү процессине Орусиянын кийлигишкени жана бул кампанияда TikTok аянтчасын колдонгону боюнча румыниялык атайын кызматтын берген далилдерине таянып, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарган.

@azattyk_radiosu

Показано 20 последних публикаций.