Милициянын майору, Ноокаттагы Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Тимур Абдисатар уулу райондук милициянын жетекчисин басым-кысымга айыптап, кызматкерлерди уставдан тышкары ар түрдүү иштерге жумшап жатканын айтып, кайрылуу жасады.
@azattyk_radiosu
“Бизге кысым көргөздү моралдык, материалдык да кысым болду. Биринчи келгенде эле айткан өздүк курамды чогултуп алып "Улан Ниязбеков менен бир айылдан болом. Мени ал киши дайындады, менин айтканымды кылбасаңар эмне болорун өзүңөр билесиңер" деген. Бул деле кысым. Бул тосмону менин балдарым тургузду. Эртең менен чогулушка келсең эле "тосмону качан баштайсың, качан бүтөсүң" дейт. Райондук милиция курулуш компаниясы, анын жетекчиси Талгат Акылбекович болуп калды. Муну өзүбүздүн акчага тургуздук, мамлекеттен каражат бөлүнгөн жок. Андан сырткары "жылуулукту бүтүргүлө" деди мен аны кантип бүтүрөм?”.
@azattyk_radiosu