Журналист Адыл Акжол уулунун иши боюнча сот 9-декабрга жылдырылды
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 19-ноябрга белгиленген отурум жабырлануучулардын бири келбей калгандыктан 9-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Назик Ажымаматова билдирди.
Ал журналисттин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн судья четке кагып, Адыл Акжол уулун 31-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакта калтырганын айтты.
@azattyk_radiosu