УКМК Ташиевге кол салууну пландаган адам кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан шектүү кармалганын билдирди.
Атайын кызмат ал “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобунун мүчөсү Руслан Дүйшеев экенин, шектүү 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагынан кармалганын кабарлады.
“Издөөдө жүргөн Руслан Дүйшеев УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан”, - деп айтылат маалыматта.
@azattyk_radiosu