“Женго” деген каймана аты бар Досонов 20 жылга кесилди
Бишкектин Биринч май райондук соту 29-ноябрда “Женго” деген каймана ат менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов жана аны менен кошо айып тагылгандарга өкүм чыгарды. Өкүмгө ылайык, Досонов 20 жылга абакка кесилди. Бул тууралуу соттон кабарлашты.
Досонов Кылмыш жаза кодексинин 262-беренеси (“Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу”) менен 12 жыл, 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен 15 жыл абакка кесилди. Сот 77-беренеге (“Кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо”) таянып, анын үй-мүлкүн конфискациялоо менен жалпы 20 жыл эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
“Женго” менен кошо айыпталган дагы алты киши 20 жылдан жаза алды. Бир киши 9 жылга кесилип, сот залынан камакка алынды. Калган айыпталгандардын баары камакта болчу.
@azattyk_radiosu