АКШнын 39-президенти Жимми Картер 100 жашында каза болду
Америка Кошмо Штаттарынын 39-президенти, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Жимми Картер 29-декабрда 100 жашында каза болду. Ал Американын лидерлеринин арасынан эң узак жашаган адам катары тарыхта калды.
АКШ президенттеринин ичинен Жорж Буш (улуусу) 94 жашка, Рональд Рейган менен Жеральд Форд 93 жашка чыгып көз жумушкан.
Жимми Картер Жоржия штатынан чыккан биринчи жана азырынча жалгыз президент. Ал деңиз аскери болуп, кийин дыйканчылык менен алектенип жер жаңгак өстүрүп жүргөн жеринен штат губернаторлугуна шайланган.
1976-жылы Демократиялык партиядан аттанган Картер ошол кездеги президент Жеральд Фордду жеңген. (Сүрөт: Reuters)
@azattyk_radiosu