"Чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун"
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстандан чыгып кеткенин алгач социалдык тармактарга жазып, кийин өзү "Азаттыкка" ырастады. Ал мындай кадамга коопсуздуктан улам барганын билдирди.
Укук коргоочунун айтымында, кол телефонуна чалып, социалдык тармактар аркылуу мазактап, коркуткан адамдар пайда болгон.
- деди Абдирасулова.
@azattyk_radiosu
Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз.👇

"Чыгып кетүүгө даяр эмес болчумун. Оорукчан абышкам, төрт жашар неберем менин кароомдо эле. Бирок түрдүү чагымчыл чалуу, коркутуулардан кийин, кетүүгө аргасыз болдум. Анткени мен буга чейин эки жолу инсульт алгам, камалып калууга даяр эмес экенмин. Президенттин курултайда айтканын кайталап уктум, бир катар медиаларга биздин уюмду кошо айтып, "курултайга чакырылган" дегенине таң калдык. Бир сыйра телефон, электрондук почталарыбызга чейин текшердик. Эч кандай чакыруу келбептир",
- деди Абдирасулова.
@azattyk_radiosu
Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз.👇